Түркияда 18 киши «бөйрөгүн сатууга» шектелип кармалды — алардын арасында эки кыргызстандык бар

Түркиянын полициясы 27-ноябрда «Satılık Böbrek» («Сатылуучу бөйрөк») операциясынын алкагында органдарды сатууга шектелген 18 кишини кармады. Кармалган адамдар Кыргызстан, Орусия, Украина, Түркмөнстан, Нигерия жана Уганда мамлекеттеринин жарандары.

Колго түшкөн чет өлкөлүк жарандардан бир-бирине тууган экенин айтышып, органдарды трансплантациялоону көздөшкөн.

*Органдарды сатуу Түркияда мыйзамсыз болуп эсептелет. Ошол эле учурда тууганчылыгы бар адамдар бир-бирине орган донору боло алышат. Муну менен көптөгөн чет өлкөлүк жарандар пайдаланышып, жасалма документтер аркылуу өздөрүн тууган катары көрсөтүшөт.

Полиция колго түшкөн жарандарды суракка алып, алардын сегизини коё берген. Ал эми калган он киши сотко жеткирилип, алардын бешөө камакка алынды. Дагы беш жаран эч жакка чыкпоо шарты менен чыгарылган.

Орган сатууга шектелген эки кыргызстандык жасалма документ аркылуу өздөрүн таяке-жээн деп тааныштырышкан.

Түркиянын Жазык кодексинин 91-беренесине ылайык, донордон орган сатып алган киши беш жылдан тогуз жылга чейин эркинен ажыратылат.