Акыркы суткада коронавирустун жаңы 440 учуру катталды, төрт бейтап көз жумду

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 4-декабрда коронавирустун жаңы 440 учуру катталганын маалымдашты.

Аймактар боюнча көрсөткүч:

Бишкек шаары — 109;

Чүй облусу — 162;

Ысык-Көл — 37;

Ош облусу — 24;

Жалал-Абад облусу — 39;

Баткен облусу — 25;

Ош шаары — 17;

Талас облусу — 13;

Нарын облусу — 14.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 74 373кө жетти. Мындан сырткары акыркы суткада жүргүзүлгөн ПЧР изилдөөлөрдүн саны — 2 977.

Ошондой эле, акыркы суткада 524 бейтап коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Сакайгандардын эң көбү Чүй облусунда катталды — 137, Бишкек шаарында — 132, Жалал-Абад облусунда — 49, Ош облусунда — 33, Ош шаарында — 35, Баткен облусунда — 52, Ысык-Көл облусунда — 69, Нарын облусунда — 8, Талас облусунда — 9 бейтап сакайды.

Ушуну менен өлкө боюнча 66 113 бейтап оорудан айыкты. Ооруканаларда 2 635 бейтап, ал эми үй шартында 3 528 киши дарыланып жатат.

Ошондой эле, акыркы суткада Бишкек шаарынан, Ош, Ысык-Көл, Чүй облустарынан — бирден COVID-19ду жуктурган бейтап каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 285 киши көз жумду — бул статистикага коронавирус инфекциясы жана ооруканадан сырткары пневмонияга чалдыккан бейтаптар кирген.

Алгач, 18-августта, COVID-19дан улам каза болгон бейтаптардын саны 1 498ге жеткен, бирок Саламаттык сактоо министрлиги алардын санын 29 пайызга азайткан.