БШК: Бюллетень даярдалганга чейин шайлоо жарышынан четтегендердин күрөөсү кайтарылат

Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) 4-декабрда президенттикке талапкерлерге 1 млн сом шайлоо күрөөсү кайсы учурда кайтарылып берилерин айтып беришти.

БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев талапкерлердин күрөөгө койгон каражаты эгер алар шайлоочулардын 1%дан ашпаган добушуна ээ болуп калган учурда кайтарылып бериле турганын түшүндүрдү.

Ошондой эле, добуш берүү бюллетендери даярдалганга чейин шайлоого катышуудан баш тарткан же БШК тарабынан четтетилген талапкерлердин дагы акчасы артка кайтарылат.

Боршайкомдон бюллетендин тексти 21-декабрга чейин бекитилип, ал 2-январга чейин даяр болоорун белгилешти.

Талапкерлер 7-январга чейин документтерин артка чакыртып алууга укуктуу.

Ноябрдын ортосунда президенттик шайлоого талапкер катары катталуу үчүн БШКга 63 адам арыз берген. Декабрдын ортосуна алардын 20сы гана жеткен — бул 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө акысын жана 30 миң адамдын колун топтоп тапшыргандар. Эми топтолгон колдор текшерилүүгө тийиш, ал эми чогултулган колдор жарактуу деп табылгандары каттоодон өтөт.

2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо өтөт.

Партиялардын күрөөсү

БШК 2020-жылдын 4-октябрында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаргандан кийин бир нече партия күрөөгө коюлган 5 млн сомун кайтарып берүүнү талап кылышкан.

Боршайком күрөөгө коюлган акча партияларга кайтарылбасын, анткени мыйзамда андай ченем жоктугун аткан. Анткен менен БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов учурда комиссия партияларга күрөөнүн акчасын кайтарып берүүнүн жолдорун издеп жатканын белгилеген.

«Конституциялык мыйзамда шайлоо өткөн жок деп табылса, шайлоо күрөөсүн партияларга кайтарып берүү жөнүндө жобо жок. Биз сунуштарыбызды парламентке бердик, айрым депутаттар тиешелүү мыйзамды демилгелеп жатышат. Каражаттарды аларга кайтарып берүүнүн бардык мүмкүн болгон жолдорун издеп жатабыз», — деген Бекматов.