Өкмөт бизнести текшерүүгө коюлган мораторийди 2022-жылга чейин узартты

Өкмөттүн басма сөз кызматы премьер-министрдин м.а Артём Новиков бизнести текшерүүгө мораторийди 2022-жылдын 1-январына чейин узартуу тууралуу чечимге кол койгонун кабарлады.

«Мораторийдин мөөнөтүн узартуу COV1D-19 вирусунун жайылуу шартында ишкердик субъектилерине кошумча стимул берүүгө багытталган», — деп билдиришти өкмөттөн.

Мораторийдин мөөнөтүн узартууну ноябрь айында Экономика министрлиги сунуштаган болчу. Анда ведомство токтомдун долбоорун коомдук талкууга койгон эле.

Мораторийди ишкерлерге жагымдуу шарт түзүү, алардын укуктук коопсуздугун камсыздоо жана укук коргоо органдарынын алардын ишмердүүлүгүнө ашыкча жана негизсиз аралашуусун жок кылуу үчүн киргизүү сунушталган.

Ошол эле учурда ишкерликти жарандардын кайрылууларынан улам кылмыш жана жарандык сот иштери болгон учурда текшерүүгө алса болот. Аны менен катар бажы кызматы бажы көзөмөлүндөгү товарды текшерүүгө укуктуу.