Өткөн суткада коронавируска 12 медик чалдыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан өлкө боюнча 12 медкызматкерден коронавирус аныкталгандыгын кабарлашты. Ош шаарынан жана Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынан — бирден, Чүй облусунан — беш, Ысык-Көл облусунан — үч медик COVID-19га чалдыккан. 

Мындан сырткары, өткөн суткада он беш медкызматкер айыкканы белгилүү болду — алардын ону ооруканада, бешөө үй карантинде дарыланышкан.

Ушуну менен коронавирус жуктурган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3 956га жетти, анын ичинен 3 649 медкызматкер илдеттен айыкты. Мындан сырткары Саламаттык сактоо министрлиги 25-сентябрда илдеттен 83 медкызматкер көз жумганын кабарлаган.

Коронавируска каршы күрөшүп жаткан учурда илдет жуктуруп алган медкызматкерлерге өкмөт 200 миң сом кун төлөйт, каза болгон медкызматкердин үй-бүлөсүнө берилчү компенсациянын өлчөмү 1 млн сом.

Вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 27-ноябрдагы брифингде компенсациялык төлөмдөрдү дайындоо боюнча комиссияга 2 550гө жакын медик документ тапшырганын маалымдаган. Анын айтымында, 479 медикке 200 миң сомдон кун төлөнүп берүү чечими кабыл алынган жана каза болгон 29 медкызматкердин үй-бүлөсүнө 1 млн сом төлөнгөн.

Ошондой эле, Саламаттык сактоо министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча өкүлү Индира Жумабаева COVID-19ду жуктуруп алган медиктерге кенемте төлөө үчүн алардан арыздарды кабыл алуу убактылуу токтотулгандыгын маалымдаган.

Анын айтымында, буга чейин келип түшкөн арыздар атайын комиссия тарабынан текшерилип бүткөндөн соң жаңы документтер кабыл алына баштайт. Кабыл алуу жаңы жылдан кийин жанданышы мүмкүн. Ошондой эле, учурда 1-сентябрга чейин келип түшкөн арыздар каралууда.

4-декабрга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 74 373кө жетти. Ал эми илдеттен 66 113 бейтап айыкты.