Президенттин м.а. Талант Мамытов Москвага барды

Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен келди. Парламенттин маалымат кызматынын кабарлашынча, сапар 8-декабрга чейин уланат.

Сапардын алкагында ал Россиянын Федералдык жыйынынын мамдумасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болоору, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Россиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы - КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары пландалган.

Төрага баштаган делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Турусбеков, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова, Салайдин Айдаров, Гүлшат Асылбаева жана Өмүрбек Бакиров бар.