Жөө күлүк Мария Коробицкая жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды

Сүрөт: Өзбекстандын жеңил атлетика федерациясы

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая Ташкентте өткөн II эл аралык марафондо жеңишке жеткенин билдирди. Ал муну менен 2021-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына лицензия утуп алды.

Марафондо Коробицкая классикалык 41 километр 195 метр аралыкта биринчи келген. Анын жыйынтыгы — 2 саат 26 мүнөт 42 секунд (олипиадалык норматив — 2 саат 29 мүнөт 30 секунд).

Мария Коробицкая Токиодо өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алган алтынчы спортчу. Буга чейин балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков, жеңил атлетчи Дарья Маслова, жөө күлүк Юлия Андреева жана сууда сүзүүчү Денис Петрашов ээ болушкан.

Токиодогу жайкы Олипиада оюндары 2020-жылдын жай айларында өтмөк. Бирок коронавиурс пандемиясынан улам Эл аралык олипиада комитети тарабынан 2021-жылга жылдырылган. Эми Токио Олимпиадасы 23-июлдан 8-августка чейин өтөрү айтылууда.