Жогорку сот Тарых музейи жана ипподром иштери боюнча соттун чечимдерин жокко чыгарды

Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана президенттик аппаратта иштеген Мира Карыбаевага карата Биринчи май районунун жана Бишкек шаардык сотунун өкүмүн жокко чыгарды. Буга чейин аталган инстанциялар Исаков менен Карыбаеваны Бишкектеги Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоодо коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп тапкан.

«Ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберди», — деп айтты экс-премьер-министрдин адвокаты Бакытбек Автандил уулу.

Исаковдун дагы бир адвокаты Нурбек Токтакунов экс-премьерге карата Бишкек ЖЭБин модернизациялоо иши боюнча соттун өкүмүнө даттанып, аны да жокко чыгарууга жан үрөй турганын билдирди. Аталган иш боюнча Сапар Исаков 2019-жылы 15 жылга эркинен ажыратылган.

«Жогорку сот сунуштаманы карап чыгат. Сот отуруму 28-декабрда өтөт. Биз өкүмдөрдүн баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүүнү сурайбыз», — деди ал.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 4-июнда ипподром жана Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупцияга күнөөлүү деп табылып, 16 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, ЖЭБди жаңыртуу тууралуу иш боюнча мурдагы өкүмдү эске алуу менен (15 жыл эркинен ажыратуу) Исаков жыйынтыгында 18 жылга эркинен ажыратылып, 247 млн 650 миң сом айыппулга жыгылган.

Музей жана ат майданды реконструкциялоо иши боюнча айыпталып жаткан президенттик аппараттын жарандык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаеваны сот мамлекеттин пайдасына 260 миң сом айып төлөөгө милдеттендирди.

Эки айыпталуучу тең күнөөсүн моюнга алган эмес жана өкүм менен макул эместигин билдиришкен. Ал эми Исаковдун адвокаттары сот отурумундагы мыйзам бузуулар тууралуу бир нече жолу айтып келишкен.

Экс-премьер ушул тапта кайда экени белгисиз. Ал 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган. Анда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместер ак үйдү басып алып, андан соң абактагы саясатчылар эркиндикке чыгышкан.

6-октябрдагы координациялык кеңештин жыйынында Исаков «мыйзамдын негизинде 7 күнгө эркиндикке чыкканын» билдирген, бирок бул убакыт өткөндөн кийин аткаминер колонияга кайтып келген эмес.

26-октябрда Жаза аткаруу кызматы жазадан качкандыгы үчүн мурдагы премьер-министрге эл аралык издөө жарыялаган.

Тарых музейин реконструкциялоо тууралуу иш

Бишкектеги Тарых музейи мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси боюнча 2016-жылы мартта реконструкцияга жабылган.

Реконструкция процессин Атамбаевдин тушунда президенттик администрациянын башчысынын орун басары болуп турган Сапар Исаков тескеген.

2018-жылы май айында депутаттар реконструкцияланган музейге барып, имарат тендерсиз жана долбоордук-сметалык документтерсиз оңдоп түзөлгөнүн айтып чыккан.

Ошол учурда УКМК тарых музейинин реконструкциясына жумшалган каражаттарды дароо эле текшере баштаган. Кийинчерээк ремонттун баасы ашыра көтөрүлгөн деп билдирген.

Бул иш менен Чолпон-Атадагы ат майданын куруудагы коррупциялык иштер бир кылмыш ишине бириктирилген. Жазык кодексинин 303-беренеси («Коррупция») боюнча алты адамга айып тагылган. Алардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков жана Мира Карыбаева да болгон.

Мамлекеттик айыптоочулар Исаков «өз ыйгарым укуктарын аша чаап, Мира Карыбаева менен укукка каршы туруктуу байланыш түзгөн» деп ишендирген.

Бул Исаков айыпталуучу катары өтүп жаткан жалгыз иш эмес. Тергөө аны Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупцияга айыптаган.

Исаков — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын тарапташы. Бийлик ага каршы кылмыш иштерин Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков тирешип турган маалда козгогон.