Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга кесилди

Свердлов райондук соту экс-премьер-министр Сапар Исаковго карата мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Мурдагы премьер-министрге 2018-жылдын 26-январында борбор калаанын ЖЭБинде болгон авариядан кийин коррупция боюнча айыптар тагылган. ЖЭБдеги авариянын натыйжасында бишкектиктер аномалдуу суук мезгилде бир нече күн жылуулугу жок калышкан. Бул аварияга чейин ЖЭБ модернизациядан өтүп, ага 386 миллион доллар сарпталган эле.

Башкы прокуратура Исаковду мүлкүн конфискациялоо менен эркинен 15 жылга ажыратууну, ошондой эле Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси рангынан ажыратууну талап кылган.

Мурдагы премьер-министр 2018-жылдын июнь айында кармалып, УКМКнын тергөө абагында бир жылдан ашык убакыт отурган.

Исаков өзү авария ЖЭБдин жаңыртылган бөлүгүндө эмес, эски корпустарында болгон деп буга чейин айтып келген. Депутаттык комиссия модернизациянын баасы ашыра айтылган деген корутунду чыгарган.

Эски өкмөт башчынын ою боюнча, аны коррупция үчүн эмес, бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду жумуштан алганы үчүн соттоп жатышат. Матраимов — бажыдагы коррупция, аткезчилик жана Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн долларга чукул акчалар тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты.

Иш боюнча өтүп жаткан аткаминерлер күнөөлөрүн мойнуна алышкан эмес. Исаков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыптоолорду «жүйөөсүз» деп эсептеп, президент Сооронбай Жээнбеков мындай жол менен атаандаштарына кысым көрсөтүп жатат деп билдиришкен.