ЖАМК: Исаков менен Ибраимовго эл аралык издөө жарыяланды

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы маалымдагандай, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков жана Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов абакка кайтып келбегендиктен, аларга эл аларык издөө жарыяланды.

Буга чейин ЖАМК Исаков жана Ибраимовдун абакка кайтуу мөөнөтү 13-октябрда аяктай турганын билдирген. Алар кайтып келбегендиктен, аларга карата «Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.

«Эгерде алар кайтпаса издөө жарыяланып, алардын акыбалы начарлайт», — деп билдиришкен ЖАМКтан.

Исаков жана Ибраимов 6-октябрга караган түнү абактан бошотулган. Ал күндөрү парламенттик шайлоого нааразы болгондор Ак үй басып алып, андан кийин абактагы айрым саясатчылар абактан бошотулган.

Сапар Исаков Бишкек ЖЭБди реконструкциялоодогу коррупция боюнча 2019-жылы күнөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган. Кийинчерээк Исаковго Тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды жаңыртуу иштеринде коррупция тиешеси бар деп айып тагылып, сот аны 18 жылга эркинен ажыраткан.


Ал эми Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов «муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү» жана «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга байланыштуу күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.