Баткенде бир күндө эки жол кырсыгы катталып, 5 киши каза болду

Баткен районундагы Ош — Баткен — Исфана жолунда 8-декабрга караган түнү жол кырсыгы катталып төрт киши каза болду. Ал эми бирөө ооруканага түштү.

Облустук ЖКККБ башчысынын орун басары Сабырбек Абсаматовдун айтымында, кырсык аталган райондун Кара-Булак айылындагы Левхоз участкасында болгон.

Түнкү саат 22:00дөр чамасында Баткен шаарын көздөй бараткан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип, 59 жаштагы айдоочу жана унаанын ичиндеги үч жүргүнчү жеринде каза болгон.

«Унаанын ичинде жалпы беш киши болгон. Каза болгондордун ким экени такталып, бир жүргүнчү облустук оорукананын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды», — деди Абсаматов.

Ушул эле күнү, 8-декабрдын таңында, аталган Ош — Баткен — Исфана жолунун 223-чакырымында «Хонда Солярис» унаасы оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 31 жаштагы айдоочу жеринде каза тапкан.

Маркумдун сөөгүн унаадан ӨКМдин кызматкерлери алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.