Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын элчиси Дональд Лунун аракеттеринде өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүнүн жана тергөөгө басым көрсөтүүнүн белгилери бар деп билдирди.
«Кандай гана ак ниет максатты көздөбөсүн эл аралык мамилелердин, ошондой эле улуттук мыйзамдардын туруктуу принциптери бузулбашы керек», — деп жазылган ТИМдин расмий твиттеринде.
Тышкы саясат ведомствосунун мындай билдирүүсү АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дрональд Лунун журналистика багытындагы «Умтулуу» сыйлыгын тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүнө карата реакциясы болду.
Лу аталган иш-чарада уюшкан кылмыштуулук (УКТ), Райымбек Матраимов жана Камчы Көлбаевдин кармалышы тууралуу айткан. Ал бийликтин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кадамдарын «жетишсиз» деп атаган.
Анын айтымында, Кыргызстанда уюшкан кылмыштуулук Советтер союзунан бери келе жатат, бирок «Клооп», «Азаттык» OCCRP жана Factcheck басылмаларынын журналисттеринин жардамы менен УКТ көмүскөдөн чыкты.
«Бул кылмыштуу үй-бүлөнүн ач көздүгүнөн, күчүнөн жана кол тийбестигинен кыргыз коомчулугу жийиркенди. Алар бул кылмышкерлер кыргыз коомчулугундагы коррупцияны кантип күчөткөнүн көрүштү. Мурунку УКМК жана парламенттик комиссия иликтеп, бирок эч нерсе тапкан эмес», — деген АКШнын элчиси.
Элчи өткөн жылы журналисттерге кол салган бир нече учур катталганын да кошумчаган. Ошондой эле, Райымбек Матраимов ЖМКнын үстүнөн арызданып, алардын мүлкүн камакка койдуруп, редакциядан ондогон миллион сом өндүрүп алууга аракет кылган.
«Анан “Мекеним Кыргызстан” 4-октябрда добуштардын 24%ына ээ болуп жана парламентте дээрлик 40% орун алып, жөн жерден бийликке келе жаздыд. Ал эми 5-октябрда эл көтөрүлүп, мындай болбойт — добуш сатып алса, №2 формасын кыянат пайдаланса болбойт деп айтты», — деп айткан Дональд Лу.
Элчи уюшкан кылмыштуу топтун интернет-троллдору, көчө кескилери жана ачык коркутуулар аркылуу Садыр Жапаровдун убактылуу өкмөтүнүн чечимине таасир этүүгө дагы аракет кылганын белгилеген.
«20-октябрда УКМК Райым-миллионду кармаган. 22-октябрда Камчы Көлбаев камакка алынган. Сот Райым-миллионду үй камагына чыгарып, өлкөгө келтирген зыянды төлөп берүү убадасын алганы менен, бул кадамдар — башталышы. Бул жетишсиз, бирок бул башталышы гана», — деп билдирген Лу.
Элчи Көлбаев менен Матраимовдун кармалышы «Голивуддун мафия тууралуу киносуна окшоп кетет» жана ал азыр бүтө элек деп эсептейт.
«Кинонун кандайча бүтөөрүн айтып берейин. Өкмөт кылмышкерлерди жоопко тартат. Бул аларды жазалайт. Бул алардын кылмыштуу уюмдарынын кыргыз элинин ырыскысын уурдоодон коргойт. Бул кылмышкерлердин сиздин балдарыңызды баңгизат менен ууландыруусуна жол бербейт. Бирок бул нерселер кайраттуу адамдар каршы чыкканда гана жасалат», — деп эсептейт элчи.
Райым-миллион жана 700 млн долларды өлкөдөн чыгарып кетүү тууралуу иликтөө
Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашуун каражат тууралуу журналисттик иликтөөсүнүн башкы фигуранттарынын бири.
Иликтөө жарыялангандан кийин Матраимовдордун үй-бүлөсү редакцияларды сотко берген, ал эми Матраимов бажыдагы коррупциялык схемаларга катыштыгы бар экенин төгүндөгөн.
Кыргызстанда бийлик алмашкандан кийин Матраимов УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган, бирок ал тергөө менен кызматташууга жана 2 млрд сом төлөөгө макул болуп, ошол эле күнү үй камагына коё берилген.
Матраимов 2020-жылдын ноябь айынын аягына чейин 2 млрд сом төлөп бере турганы боюнча ал учурда президенттин м.а Садыр Жапаров дагы айткан. Бирок Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 3-декабрга карата Матраимов 688,7 млн сом которгон.
Көлбаевдин кармалышы
Кримтөбөл Камчы Көлбаев Матраимов кармалгандан кийин бир нече күн өткөн соң кармалган. Анын кармалышы тууралуу Камчыбек Ташиев УКМКнын башчылык кызматына келгенден кийин айткан. Учурда Көлбаев №47 түзөтүү колониясында.