Нарында эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жараны кармалды

Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Интерпол улуттук борбордук бюросу Нарын облусттук милициясы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Орусиянын жаранын 4-декабрда кармады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшкөн 41 жаштагы шектүү Орусияда «Баңгизат сатуу жана сактоо» беренеси боюнча 2016-жылдан бери издөөдө жүргөн.

Орусиянын жараны Нарын шаарындагы тергөө изоляторуна киргизилди. Укук коргоо органдары шектүүнү Орусияга экстрадициялоо маселесин карап жатат.