Президенттик шайлоо: БШК басмакананын кызматы үчүн 3,1 млн сомго тендер жарыялады

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) басмакананын кызматын алуу үчүн тендер жарыялады.

БШКдан «Клооптун» журналистине билдиришкендей, тендер 2021-жылдын 10-январына дайындалган кезексиз президенттик шайлоого карата жарыяланган.

Боршайком президенттик шайлоо үчүн брошюраларды, чакан колдонмолорду, плакаттарды, окуу куралдарын жана «Референдум жөнүндө» мыйзамдар топтомун сатып алууну пландоодо.

Басмакана кызматы үчүн жарыяланган тендердин пландалган суммасы 3,1 миллион сомдун айланасында мерчемделет. Тендер 7-9-декабрь аралыгында жүрөт.

Ошол эле учурда, депутат Дастан Бекешев твиттер барагында БШК бул тендер аркылуу конституциялык референдумга даярданып жатат деген таризде пикирин жазган. Бирок референдум өткөрүлүүчү дата дагы деле белгисиз.

«БШК референдум болоорун алдын ала билет. Сатып алганы жатышат», — деп жазды Бекешев.

Кезексиз президенттик шайлоо

Кезексиз президенттик шайлоого 5-октябрдагы саясий кризис алып келген. БШК 4-октябрда өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийин миңдеген жарандар өлкө боюнча нааразылык акциясына чыккан.

6-октябрга караган түнү башаламандыктар башталып, Жогорку Кеңештин имараты митингчилердин колуна өткөн. Башаламандыктар учурунда митингчилер камактагы бир катар адамдарды, анын ичинде экс-депутат Садыр Жапаровду бошоткон.

Жапаровду колдогон депутаттар парламенттик шайлоону белгисиз мөөнөткө жылдырып, конституциялык реформа жүргүзүүнү демилгелеген мыйзам долбоорун кабыл алган. Андан соң Жапаровдун сунушу менен Конституциянын жаңы долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышкан.

Долбоор олуттуу кемчиликтери жана мыйзам кабыл алына турган болсо президент тарабынан бийликти узурпациялоого жол берилиши ыктымалдыгынан кескин сынга кабылган.

Конституциянын жарыяланган жаңы долбоорунда референдумду президенттик шайлоо менен бир күндө, 10-январга дайындоо пландалат деп айтылган. Бирок, аталган долбоорду депутаттар кабыл ала элек, ал эми Садыр Жапаров долбоор сынга алынгандан кийин конституциялык реформанын мөөнөтүн жылдырып, башкаруу формасы боюнча реферундум өткөрүш керек экенин билдирген.

Андан соң парламент депутаттары референдумга байланышкан дагы бир мыйзам долбоорун демилгелеген. Ал өлкөнүн башкаруу формасын тандоо үчүн референдум өткөрүү — президенттик же парламент башкарууну тандоо. Бул мыйзам долбоорун парламент депутаттары 9-декабрда карайт. Референдум өтүүчү күн президенттик шайлоодой эле — 10 январь.