Караколдо журналистти Фейсбукка жазган билдирүүсү үчүн сотко беришти

Көз карандысыз журналист жана укук коргоочу Алена Хоменкону 5 млн сомго сотко беришти. Ал Фейсбукка жазган билдирүүсү үчүн анын үстүнөн арызданып жатышканын билдирди.

«Мени жалаа жапты деп 5 млн сомго сотко беришти. Аябай көп жолу соттолгон кылмышкер деп аташты. Мейли эми өз позициямды аягына чейин коргойм», — деп Хоменко Фейсбук барагына жазды.

Алена Хоменко 24.kg агенттигине Фатима Тагаева жер тилкеси боюнча соттордун бардыгында утулуп калганын айткан. Андыктан ушундай ыкма менен өч алууну көздөп, Фейсбукка жазган билдирүүсүн таап алып, арыз жазган.

«Ал менин Фейсбукка жер тилкесине байланышкан маселе боюнча жазган билдирүүмдү таап алыптыр. Мен инициалдарды гана жазгам, бирок тигил аял өзү менмин деп чыкты. Ал жерде аны басынта турган эч нерсе жок болчу», — деген ал.

Ал эми kaktus.media басылмасына берген маегинде кесиптешине жер тилкеси боюнча сот ишине жардам берип, бардык инстанцияларды утуп алышканын айтты. Андыктан сотто экинчи тараптын таламын талашкан Фатима Тагаева аны сотко берген.

«Ал мени ушинтип каралоону чечти, анткени мен социалдык тармактарга пост жазып, ЖМКларды, Акыйкатчыны бул ишке тарткам. Эми ал "анын назик мүнөзүнө доо келтирип, жалаа жапканым” үчүн 5 миллион сом талап кылып жатат», — деди ал.

Хоменко ошондой эле, Фатима Тагаева аны соттолгонсуң деп эл алдында айыптаганы үчүн анын үстүнөн Караколдун милициясына арыз жазганын белгиледи.

Азырынча сот качан болору белгилене элек.