УКМК Жер ресурстары боюнча мамагенттиктин директорун кармады

Жер ресурстары боюнча мамагенттиктин директору

УКМКнын басма сөз кызматы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Каныбек Ботобаев 7-октябрда кармалып, тергөө абагына киргизилгенин кабарлады. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Ботобаев кол астында иштеген кызматкерлерден мыйзамсыз акча чогултуп алууга шектелүүдө.

УКМКдан Ботобаев коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалганын белгилешти.

«“Кадастр” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен мыйзамсыз акча каражатын алуу боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталган», — деп айтылат билдирүүдө.