«Урал аба жолдору» Орусиянын сегиз шаарынан Кыргызстанга каттамдарды жандандырды

Орусиялык ЖМКлар «Урал аба жолдору» компаниясы 8-декабрдан тарта Кыргызстанга такай авиакаттамдарды жандантканын кабарлашты. Эми Ош жана Бишкекке Орусиянын сегиз шаарынан учуп келүүгө болот.

«Кыргызстан бардык чет өлкөлүк туристтер үчүн чек арасын ачты, демек биз Орусиянын сегиз шаарынан Ош жана Бишкекке такай каттамдарды аткарып баштайбыз. Биз Москва (“Домодедово”), Жуковский, Санкт-Петербург, Екатеринбург, Нижневартовск, Казань, Красноярск жана Самарадан учабыз», — деп билдиришти авиакомпаниядан «ТАСС» басылмасына.

Өлкөгө кирердин алдында туристтер акыркы үч күндө жасалган коронавирустун терс ПЦР-тестин көрсөтүүсү керек.

Орусия Кыргызстан менен авиакаттамдарды 21-сентябрдан баштап жанданткан. Анда Орусиянын коронавирус менен күрөшүүчү оперативдик штабы учактар Бишкекке бир жумада бир жолу каттай турганын кабарлаган.

Рейстер ачылгандан кийин «Аэрофлот» компаниясынын офисинде ажиотаж башталган. Орусияга авиабилеттерди сатып алууну же алмаштырууну каалаган адамдардын калың кезеги пайда болгон. Алар бир гана тизме аркылуу киргизилип, айрымдары кезегин бир нече күндөп күткөн. Мындан сырткары, билеттин баасы бир нече эсеге көтөрүлгөн — 25 миңден 130 миң сомго чейин.

Эки өлкөнүн ортосундагы авиакаттамдар жазында пандемиядан улам токтотулган — ал убакыттан тарта негизинен учактар кыргызстандык жарандарды Орусиядан Кыргызстанга ташып келген.

Орусияда жүз миңдеген кыргызстандыктар иштейт. Алар көбүн эсе учак менен катташат. Мындан улам, аба чек арасы ачылгандан тарта ажиотаж жана авиабилеттерге муктаждык пайда болгон.

«ТАСС» басылмасынын маалыматына ылайык, «Урал аба жолдору» Орусиянын эң ири авиакомпанияларынын бири — 2019-жылы ал 9,5 млндон ашуун жүргүнчүнү ташыган.