Ат-Башыда мергенчилер карышкырларды атып баштады

Нарын облусунун Ат-Башы районунда жергиликтүү тургундардын малына кол салган карышкырлар атылууда. Аңчылыкка чыккан мергенчилердин видеосун фейсбук колдонуучусу Улукбек Кутманбаев бөлүштү.

Ат-Башыда карышкырлар атылууда. Жергиликтүү мергендер катуу киришти. Эми өкмөт башчысы колдоп, акчасын убагында берип стимул болсо болгону...

Опубликовано Улукбеком Кутманбаевым Вторник, 8 декабря 2020 г.

Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургуну быйыл карышкыр бир топозун жеп кеткенин билдирди. Ал өзү да мергенчилерге кошулуп жырткычтарды атып турат.

«Кошуна айылдан бир адамдын үйүр жылкысына карышкыр кол салып, бир түндө үч тайын жеп кетти деп уктум. Малга чыкканда карышкырды жолуктуруп калсак атып коёбуз. Кээде башка мергенчилер менен чогулуп атайын ууга чыгабыз. Мен быйыл бир карышкыр аттым», — деди ал.

Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаровдун айтымында, Мергенчилик департаменти ар бир атылган карышкырга 6 миң сомго чейинки төлөп берет. Анткен менен мергенчилер аңчылыкка чыгуу үчүн ок-дарыларды өз чөнтөгүнөн алышат.

«Карышкырлар акыркы күндөрү жергиликтүү тургундарга чыгым алып келеп жатат. Ошондуктан мергенчилер өз алдынча чара көрүшүүдө. Ок-дарыларын өз чөнтөгүнөн алышат. Атылган карышкырдын жашына жараша Мергенчилик департаменти 6 миңсомго чейин акы төлөп берет. Жакын арада карышкыр жана чөөлөрдү жок кылуу үчүн он беш күндүк [аңчылыкты] уюштурууну пландап жатабыз», — деди Сатаров.

Ат-Башынын акими мергенчилерди транспорт жана тамак-аш менен камсыздоого райондук администрациянын бюджетинен акча бөлүнөөрүн кошумчалады. Ошондой эле мергенчилерди аңчылыкка кызыктыруу үчүн акчалай сыйлыктар каралган.