Чүйдө 50дөй кой уурдагандар «Коопсуз шаар» камералары аркылуу кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Чүйдүн Ысык-Ата районунда мал уурдоого шектелип 3 адам кармалды. Алардын ушул сыяктуу жетиге жакын кылмышка тиешеси бар экени белгилүү болуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

1-декабрда Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 61 жаштагы жергиликтүү тургун 48 кой уурдалганы тууралуу арыз жазып, белгисиз адамдарды жоопко тартууну суранган. Бул факт Кылмыш кодексинин уурулук беренеси боюнча каттоого алынган.

«Ыкчам топ жакынкы аймактарды териштирип, күбөлөрдү сурап, “Коопсуз шаар” долбоорунун камераларын колдонуп, уурдалган мал ташылган унааны аныктаган», — деп жазылат Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Кылмышка шектүү деп 24, 18 жаштагы 3 жаран кармалып, Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына жеткирилген.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө уурдалган малды сатып алган адам такталып, ал тергөө учурунда өз ыктыяры менен жабырлануучуга 15 баш койду кайтарып берген.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.