Президенттик шайлоо күнү 11 миң милиционер коомдук тартипти сактайт — ИИМ

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 14-декабрда облусттук түзүмдүн жетекчилери менен онлайн-кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алар Кыргызстандын президентин шайлоо учурунда коомдук тартипти сактоо маселесин талкуулашты.

Кеңешменин жүрүшүндө министр ар бир шайлоо участкасына бирден милиция кызматкери бекитилсин деген көрсөтмө берди.

«Республика боюнча 2420 шайлоо участкаларында коомдук тартипти 11 000ге чукул милиция кызматкери камсыздайт. ИИМдин бардык бөлүктөрү шайлоо бюллетендерин даярдоо жана аны жеткирүү учурунда коопсуздугун камсыздайт»,— деп билдирди Ниязбеков.

Ошондой эле министр, милиция кызматы шайлоо комиссияларынын ички иштерине кийлигишүүгө акысы жок экенин баса белгиледи.

«Коомдук тартипти сактоо боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин ар дайым жүргүзүү зарыл. Милиция мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам чараларды көрүш керек. Укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алып, алдыга коюлган тапшырмаларды так аткарып, элдин ишенимин актап, эң негизгиси саясаттан алыс болушу керек», — деп баса белгиледи Улан Ниязбеков.

Ошондой эле, ал шайлоого байланыштууу бардык жабдыктардын жана документациянын сактоо жоопкерчилиги Кыргызстандын ИИМнин бөлүктөрүнүн, шаардык, райондук башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн башчыларына жүктөлгөнүн белгиледи.

Кезексиз президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкерлердин үгүт-жарышы расмий 15-декабрда башталып, 9-январга— добуш берүү алдындагы тынчтык күнүнө чейин уланат. Бүгүнкү күндө 18 талапкер каттоодон өткөн.