Балбан Жоламан Шаршенбеков Күрөш боюнча дүйнө кубогун жеңди

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмакта күч сынашкан.

Ал 1/8 финалдык баскычта беларусиялык Максим Казарскийди жеңип алган. Чейрек финалда кыргызстандык 2019-жылы Европа чемпиону жана 2018-жылы вице-чемпион болгон молдовалык Виктор Чебануну 8:0 эсебинде жеңген. Жарым финалда түркиялык Ахмет Уяр менен беттешип, аны 5:1 эсебинде утуп финалга чыккан.

Ал эми финалдык беттешке кыргызстандыктын атаандашы болуп орусиялык Степан Марянян чыкты. Таймаш алгач 4:0 эсебинде жүргөн, бирок экинчи бөлүгүндө Шарщенбеков 4 упай топтоого жетишкен. Беттеш 4: 4 эсебинде аяктап, Жоламан Шаршенбеков Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү болду.

Буга чейин кыргызстандык балбан Руслан Царев 72 кг чейинки салмак категориясында Күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунун индивидуалдык кубогунда коло медалга ээ болгон.

Бириккен дүйнөлүк күрөш федерациясы  (UWW) 10-ноябрда 2021-жылдагы Олимпиада оюндарынын жылдырылышына байланыштуу дүйнө чемпионатын өткөрүүнү чечкенин билдирген. Бирок айрым өлкөлөр катышуудан баш тарткандыктан иш-чарага Дүйнөлүк индивидуалдык кубок деген ат берилген.

Эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча жеке Дүйнө кубогу 12-декабрда Белградда старт алып, 20-декабрга чейин өтмөкчү.

Дүйнө кубогунда алгач грек-рим стилиндеги балбандар күч сынашты — финалдык беттештер 13-14-декабрда өттү, ал эми кыз-келиндер арасындагы турнирдин жеңүүчүлөрү 15-16-декабрларда аныкталат. Эркин күрөш боюнча финалдык беттештер 17-18-декабрда өтөт.