Эл аралык уюмдар 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттун чыгарган өкүмүнө нааразы

Кыргызстандагы БУУнун ЮНИСЕФ балдар фондусу, БУУ-Аялдар жана БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары башкармалыгы биргелешкен кайрылуу жасап, республиканы зомбулуккка кабылган жаш балдарды жана гендерлик зомбулуктан жапа чеккендерди коргоого, зомбулук көрсөткөндөрдү жазасыз калтырбоого чакырды.

Эл аралык уюмдар Кыргызстан бир катар конвенциялар, анын ичинде Баланын укуктары жөнүндөгү конвенциянын милдеттерин алганын эскертишти.

«ЮНИСЕФ, БУУ- Аялдар жана БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары башкармалыгы гендерлик зомбулуктун баардык түрүн жектейт жана мыйзамдын толук кандуу сакталышына, талаптагыдай укуктук камсыздоого жана гендерлик зомбулуктун айыпкерлерин адам укугу жаатындагы эл аралык стандарттарга ылайык жазалоого үндөйт. Бийлик өкүлдөрү адилеттүүлүктү орнотуп, гендерлик зомбулуктан жабыр тарткандарды реабилитациялоого тийиш», — деп белгиленген кайрылууда.

Ошондой эле, кандай гана кылмышкер болбосун соттук териштирүү жана өкүмдөр Жазык кодексинин жоболоруна, кылмыштын оордугуна жана адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга ылайык келсе, бул мамлекет тарабынан «аялдарга, кыздарга жана жаш балдарга карата зомбулук көрсөткөндөр эч убакта жазасыз калбайт» деген айныгыс белги катары кабыл алынмак деп айтылат.

Жогорку Кеңеш менен өкмөт эмне дейт

Судьянын чечимине юридикалык баа берип жана сот адилеттүүлүгү тууралуу сөз кылуу маселеси парламентте дагы көтөрүлдү. Депутат Айсулуу Мамашева Жогорку Кеңештин жыйынында 17-декабрь күнү жоопту адамдардын бардыгынын катышуусунда бул маселени кароону сунуштады.

Ал 2020-жыл Кыргызстанда балдарды коргоо жылы деп жарыяланганын, бирок иш жүзүндө жаш балдар кагазда гана корголуп жатканын эске салды.

«Кыздын тагдырын талкалаган кылмышкерлер эркиндикке чыгып, бирөөсү гана камакта калган. Келгиле, жооптуу адамдардын бардыгын чакырып бул маселени эртең парламентте карайлы. Судья Сабыр Соодонбековдун иш-аракетин талкууга алуу керек, мен аны адам деп айтууга оозум барбайт. Ушул күндөрү ыйлагым келип жүрдүм, бул жерде четтен карап турууга мүмкүн эмес», — деп билдирди Айсулуу Мамашева.

Буга чейин депутат, Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга бөгөт коюу комитетинин төрайымы Наталья Никитенко өзүнүн фейсбук барагында Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин наамына Сабыр Соодонбеков чыгарган өкүмдүн мыйзамдуулугун тескөөгө алуу өтүнүчүн жөнөткөнүн жазган. Бирок Башкы прокуратура бул боюнча расмий билдирүү тараткан жок.

Ошондой эле, окуянын чоо-жайын иликтөө зарылчылыгын вице-премьер Элвира Сурабалдиева дагы айткан болчу.

«Окуя 2019-жылы декабрда болгон, 2020-жылдын февралында мектеп директору, социалдык педагог жана класс жетекчиси жумуштан алынган. Соттун чечими дүйшөмбү күнү колума тийет, териштиребиз. Жашы жете электердин иши боюнча комиссия өспүрүмдү атайын мекемеге жайгаштырды. Көзөмөлдө», — деп Сурабалдиева Твиттерге жазды.

13 жашар кызды зордуктоо иши

Зомбулукка кабылган кыздын ата-энесинин айтымында, Тоң районунун айылдарынын биринде үч адам жарым жыл бою мектеп окуучусун зордуктап, аны видеого тартып, классташтарына көрсөтөбүз деп опузалап келишкен.

Өспүрүм бул тууралуу эч кимге айта алган эмес. Ата-энеси качан гана кыз зордукчулардын биринен боюна бүтүп калганда гана билген. Алар аборт жасатууга аргасыз болушкан. Врачтар жана психологдор зомбулукка кабылган кызды бир жылдан бери көзөмөлдөп, кадимки абалына кайтара албай келет.

Зордуктагандардын экөө кыз окуган жергиликтүү мектептин кызматкерлери болгон. Алар окуучунун ата-энеси жайлоого чыгып кеткенинен жана кыз көзү азиз чоң атасынын колунда тарбияланып, коргоп калар эч кимиси болбогонунан пайдаланып, сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн.

Шектүүлөрдүн биринин үй-бүлөсү зордукталган кызды айыптап, ал буга чейин эле «кыздыгы жок болуп» жаман жолдо жүргөн, биздин балабыз беш маал намаз окуйт деп актанган.

Жабырлануучу тараптын айтымында, айыпкердин жакындары «аларга акча сунуштап, соттун чечимине даттанбоону суранышкан».

Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулардын күнөөсүн далилдөөчү фактылар топтолгон. Прокуратура 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмүн сураган. Бирок Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Соодонбеков эки айыпталуучуну актап, сот залынан бошотуп, үчүнчүсүнө карата «Зордуктоо» беренесин «Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» деген жеңилдетилген түрүнө өзгөрткөн. Соттун өкүмү менен 45 жаштагы айыпталуучу 7,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийин Башкы прокуратурадан Тоң райондук прокуратурасы Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылындагы 13 жашар кыздын зордукталышы боюнча соттун чечимин даттана турганын «Клоопко» кабарлашкан. Райондук прокуратура учурда сот актысын карап жатат.