Президенттикке талапкер жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө тууралуу кол катка өзгөртүлдү. 16-декабрда Бишкек шаардык соту Асановго үгүт иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга чыгууга уруксат берүү боюнча анын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырганы кабарланды.
Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановду үй камагына алуу чечимин чыгарып, Бишкектен чыгууга тыюу салган.
Курсан Асанов президенттикке талапкер болгон 18 адамдын бири. Үгүт иштери 15-декабрда башталган, ал эми мөөнөтүнөн мурда дайындалган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.
Асановду кармоо
Курсан Асанов УКМКнын кызматкерлери тарабынан Ала-Тоо аянтындагы 9-октябрдагы митингден кийин кармалган — ал күнү Садыр Жапаровдун тарапташтары бийликке келүүнү самаган УКТга каршы митингдин катышуучулары менен кагылышкан.
Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы чыккан митингчилер Ак үйдү басып алышкандан кийин 6-октябрда Курсан Асанов өзүн-өзү ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялаган. Ал ошондой эле ИИМдин кызматкерлери менен бир нече жолугушуу өткөрүүгө да үлгүргөн.
Курсан Асанов мурдагы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 2019-жылы 13-августтагы ИИМ министри Кашкар Жунушалиевдин сунуштамасынын негизинде ИИМдин башчысынын орун басары кызматынан бошотулган.
Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуудагы иш-аракети менен «кыргыз милициясынын кызыкчылыгын саткан» деген жүйөө менен кызматтан алынган.
Асанов өз кызыкчылыгын мамлекеттикинен бийик койбогонун жана өз милдетин аткарып жатканын билдирген. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди резиденциясын штурмга алуу учурунда колго түшүп берүүгө көндүргөн. Штурмдун жүрүшүндө спецназчылардын бири, «Альфанын» башчысынын орун басары Үсөн Ниязбеков ок тийип каза тапкан.