Адвокат: Курсан Асанов үй камагына чыкты

Курсан Асановдун адвокаты Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» ИИМдин экс-башчысы үй камагына чыгарылганын кабарлады.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-ноябрда кабыл алган. Токтакунова Асановдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранып Башкы прокуратурага кайрылганын билдирди.

Курсан Асанов шайлоодон кийин өзүн-өзү ички иштер министринин милдетин аткаруучу деп жарыялаган, себеп дегенде анын айтымында, ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев бул кызматтан кетип калган.

Андан соң 10-октябрда Асанов массалык башаламандыктарды уюштуруу иши боюнча УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал эми 12-октябрда Биринчи май райондук соту Асановду 10-декабрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Ушундай эле өкүм экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов жана Канат Сагымбаевге да угузулду.

Асанов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын катарында барган. Анын камакка алынышынан улам өлкөдө бир нече митингдер өтүп, катышуучулар Курсан Асановду боштондукка чыгаруу талабын койгон.