Моралдык зыян иши: Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор Жогорку сотко чакырылды

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков, анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбеков Жогорку соттун отурумуна чакырылды. Ал жакта Ош ОИИБинин мурдагы башчысы Абдылда Капаров Жээнбековдорго каршы моралдык зыян келтирүү боюнча өкүмүнө даттанууда. Бул тууралуу маалыматы Капаровдун адвокаты да, Жогорку соттун басма сөз кызматы да бышыктады.

Соттук коллегия Капаровдун апелляциясын 16-декабрда караган. Бирок бул иш боюнча жабырлануучу катары өтүп жаткан бир тууган Жээнбековдор отурумга келген эмес.

Капаровдун адвокаты Эркин Саданбеков алар мындай кадамы менен сотту жана процесстин башка катышуучуларын сыйлабастыгын көрсөтүштү деп эсептейт. Андыктан Саданбеков Жээнбековдорду 2021-жылдын 12-январына белгиленген кийинки отурумга чакыруу жөнүндөгү өтүнүчүн жолдогон.

«2020-жылдын 5-6 октябрында Жээнбековдордун коррупциялашкан үй-бүлөлүк-кландык башкаруусу кулагандан кийин жана өлкөдөгү саясий климат алмашкандан көп өтпөй мыйзамсыз соттолгон милициянын полковниги Капаров абактан бошоп чыккан. Ал адилеттүүлүккө жетип, актоо өкүмүн угуу үчүн Жогорку сот органына кассациялык арыз жолдогон», — дейт Саданбеков.

Ош ОИИББнин экс-башчысы бир тууган Жээнбековдорго моралдык зыян үчүн дээрлик 250 миң сом компенсацияны төлөп бербегени үчүн 2017-жылы кайрадан соттолгон.

Капаровдун адвокаты «Клооптун» журналистине билдиргендей, анын кардары абакта отурган убакта пенсиясынан Жээнбековдорго компенсация төлөмдөрү үчүн бир бөлүгү алынып турган.

ЖМКлар буга чейин экс-президент моралдык зыян алган компенсациясын Ош облусунун Өзгөн районундагы мектеп-интернатына бергенин жазышкан.

Капаровго карата «Конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл алдында чакырык жасоо», «Кылмыш жасалгандыгы тууралуу атайылап жалган билдирүү жасоо», «Этностор аралык, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Биринчи жолу Капаров Сооронбай Жээнбеков 2010-жылы Ош обладминистрациясын башкарып турган учурда 3 млн долларды өзүнө ыйгарып алган деп айтканы үчүн жоопкерчиликке тартылган.

Арыздануучунун айтымында, каражатты Убактылуу өкмөт июнь окуяларынан кийинки кырдаалды жөнгө салуу үчүн укук коргоо органдарына бөлүп берген. Бирок Капаров сотто өз сөздөрүнө далил келтире алган эмес.