Мирлан Бакиров парламенттин вице-спикерлик кызматынан кетти

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты Бакыт Төрөбаев фейсбук барагында парламенттин вице-спикери Мирлан Бакиров кызматын тапшырганын кабарлады.

«Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды», — деп жазды Төрөбаев.

Депутаттын айтымында, Бакировдун ордуна «Өнүгүү-Прогресстен» Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Уланбек Исмаиловдун талапкерлиги көрсөтүлгөн. Чечим фракция депутаттарынын колдоосун тапкан.

Буга чейин Дастан Бекешев депутаттар парламентин вице-спикери Аида Касымалиеваны дагы кызматтан кетирүү үчүн кол топтоп жатышканын айтып чыккан. Касымалиева өзү бул маалыматты ЖМКлардан окуганын билдирген.

Мирлан Бакиров деген ким?

Мирлан Бакиров парламентке 2015-жылы «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын туусунун алдында келген.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Бакиров экс-бажычы Райымбек Матраимовго тиешелүү делген «Мекеним Кыргызстан» партиясын жетектеген.

«Мекеним Кыргызстан» дагы бийликчил делген «Биримдик» партиясындай эле шайлоодо жеңишке жетишкен. Шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жаткан маалда партия бир нече жолу шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана башка мыйзам бузууларга айыпталган.

Райымбек Матраимов — «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүнүн фигуранты.Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына эл нааразы болуп, бийлик алмашкандан кийин Матраимов бажыда иштеп турган убактагы коррупцияга шектелип кармалган.

Бирок тергөө менен кызматташууга макулдук бергенден кийин, ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил катынын негизинде коё берилген. Эми ал мамлекеттик казынага 2 млрд сом төлөп берүүгө милдеттүү. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө ал 1,2 млрд сом төккөн.

Матраимовдун тергөө менен кызматташууга баруусуна ошондо президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров түрткү болгон. Жапаров бул анын «саясий чечими» экенин айтып, ал УКМКнын башчысы жана үзөңгүлөш досу Камчыбек Ташиевден Матраимовду коё берүүнү суранганын билдирген.

Жапаров мындай кадамын Матраимов ушундай жол менен гана уурдаган акчасын мамлекетке кайтарып берет деп түшүндүргөн.