«Ташиевдин тиешеси жок». «Жалал-Абад» санаториясын басып алуу аракети териштирилип жатат

Жалал-Абад облусунда жайгашкан «Жалал-Абад» санаториясын 18-19-декабрда басып алууга аракет жасалды. Санаторийди басып алууга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катыштыгы бар экени айтылган.

Соцтармактарда жарыяланган тасмада, имараттын босогосунда укук коргоо органдары белгисиз кишилерди имараттын ичине киргизбей жатканын көрүүгө болот. Милиция менен айтышкан киши «мына бул жерде бир нерсе болсо бүгүнкү күндөн тарта мен жооп берем» деп айткан.

Кийинчерээк талаш болуп жаткан жерге «Кыргызкурорттуктуризм» башкармалыгынын убактылуу башчысы Самарбек Күчүков да келген. Ал бул окуя боюнча акт түзүүнү сунуштагандан кийин белгисиз кишилер «Жалал-Абад» санаториясынын имаратынан чыгып кетишкен.

УКМКнын басма сөз кызматы тасмадагы киши Күчүков тарабынан мыйзамсыз дайындалган «Жалал-Абад» санаториясынын убактылуу директору Э. Айтиев болгонун кабарлады. Айтиев өзүнүн адамдары менен имараттын ичине кирип, башчынын бөлмөсүн ээлеп алууну көздөгөн.

«Бирок, санаторийдин убактылуу директору Б. Сатыгулов дайындоо тартиби менен таанышып, келген адамдарга буйрук жараксыз экенин билдирген. “Жалал-Абад” санаториясынын директору М. Абышкаев ден соолугуна байланыштуу өргүүдө болгондуктан аны жумуштан алуу мыйзамсыз болуп эсептелинет», — деп берилет УКМКнын билдирүүсүндө.

Мындан сырткары, атайын кызмат бул окуяга Ташиевдин эч кандай тиешеси жоктугун кошумчалады.

Жалал-Абаддын милициясы бул окуя боюнча «Бөтөн жерди ээлөө же басып алуу» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады. Тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн Күчүков жана Айтиев Жалал-Абад ШИИБине алынып келинди.

Буга чейин УКМК өзүн экономика министри Санжар Муканбетов жана Камчыбек Ташиевдин тууганы деп тааныштырган киши абактагыларды мунапыс менен бошотуу үчүн акча талап кылып жүргөнүн аныктаган. Кийинчерээк укук коргоо органдары бул киши Молдовановка абагында жаза өтөп жаткан Санжар Салибаев экени ортого чыкканын билдирген.

Салибаевге карата «Алдамчылык», «Документтерди жасалмалоо» жана «Качуу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш ачылган.