Балбан Руслан Царевдун эгизи 380 миң сомду опузалоого шектелип кармалды

Шектүүлөр. Сүрөт: Ички иштер министрлиги

Бишкектин милициясы УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте шаардын тургунунан 380 миң сом опузалаган кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу — 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну — өзүнүн таанышынан 380 миң сом карыз алган. Көп өтпөй жабырлануучуга Алтынбек жана Роман аттуу кишилер кара түстөгү «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен келип, карызга алган акчаны талап кылган.

«Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, күч колдонуп коркутуп, 380 миң сомун талап кылган. [...] Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу күч колдонобуз деген коркутууларды уланткан», — деп берилет ИИМдин билдирүүсүндө.

Укук коргоо органдары «Опузалап талап кылуу» беренеси боюнча ачылган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында эки шектүүнү кармады. Алар Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Колго түшкөндөрдүн бири казакстандык Роман Царев экени аныкталды — ал кыргызстандык балбан Руслан Царевдун эгизи.

Руслан Царев күрөш боюнча Дүйнө кубогунда үчүнчү орунду ээлеген. Ал бүгүн күрөш улуттук курама командасы менен президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов менен жолуккан.