Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүн окууда бир катар кылмыштар үчүн мамлекет тарабынан аныкталган зыяндын ордун толтуруу менен түрмөгө түшпөй кутулуп кетүүгө боло турган мыйзамды кабыл алды. Мындан тышкары, авторлору экономикалык мунапыс деп атап алган мыйзам мыйзамсыз табылган бизнес менен мүлктү адалдаштырууга жардам берет.
Аны ким ойлоп таап, ким колдоду?
Мыйзамдын авторлору: Өмүрбек Бакиров, Марлен Маматалиев, Гүлшат Асылбаева, Акылбек Жапаров жана Салайдин Капаров. Алардын ою боюнча, Жазык, Жазык-процесстик жана Салык кодекстерине өзгөртүү киргизген жаңы долбоор өлкөдө экономикалык активдүүлүктүн өсүшүнө жардам берет. Жыйында отургандардын көбү алар менен макул болушту.
Мыйзам бузуп, бирок түрмөгө отурбай эле төлөп кутулуу мүмкүнчүлүгүнө парламентарийлердин көпчүлүгү экинчи жана үчүнчү окууда макул деп добуш беришти. Каршы чыккандар Дастан Бекешев, Айсулуу Мамашева жана Наталья Никитенко болду.
Мурдараак Бекешев мыйзам долбоорун «мыйзамдуу төлөп кутулуу» деп атаган, анткени, анын ою боюнча, долбоор мыйзам бузган адамдарды бай жана бай эместерге бөлүп, мыйзам алдындагы теңдик тууралуу конституциялык жобону бузат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаровдун аялы финполго 200 млн сом компенсация төлөп жатат, бирок муну кызыкчылыктар кагылышы катары эч кимдин эске алгысы жок: Бекешевдин бул боюнча суроосуна финполдун өкүлү жооп бере албады.
Кызыкчылыктар кагылышын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча профилдик комитеттен дагы таба алышкан жок. Комитеттин 2020-жылдын 22-декабрындагы корутундусунда долбоор «ишкерлик субъектилерге, бюджеттик тартыштык мезгилинде өз каалоосу менен мүлкүн жана кирешелерин декларациялоо процессине катышкан адамдарга карата кошумча мамлекеттик кепилдик максатында иштелип чыкты» деп жазылган.
Депутаттар «мыйзамдуу төлөп кутулууну» чектөөнү кантип сунушташкан?
Жаңы өзгөрүүлөргө депутаттардын бардыгы эле макул болгон жок. Мисалы, Жаныбек Бакчиев менен Наталья Никитенко мыйзамдын аталышы кыска жана нуска болуп, ал эмнени жөнгө салары түшүнүктүү болушу керектигин билдиришкен. Мындан тышкары, алар экономикалык мунапыстын иштөө мөөнөтүн чектөөнү сунушташкан.
«Мунапысты колдонуунун так мөөнөттөрү коюлушу керек, кылмыш жоопкерчилиги менен жазадан бошотуу тууралуу дайыма эскертип туруу аталган беренелерди иш жүзүндө декриминализация кылып коёт», — деп белгиленген сунушталган түзөтүүлөрдө.Бирок профилдик комитет мыйзам алгачкы жолу ушундай жорукка барган адамдарга гумандуулук көргөзүүгө багытталган, анын нормалары кылмыш аракетинин натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурган адамды «коомдон обочолонтпоого түрткү берет», демек анын мөөнөтү чектелбөөгө тийиш деп эсептейт.
Тагыраагы, мыйзамга президенттин м.а. Талант Мамытов кол койгондо, беренелердин бир бөлүгү кагаз бетинде эле калып, декриминализацияланат.
Депутат Кожобек Рыспаев мыйзам долбоорунан аткезчилик тууралуу беренедеги түзөтүүлөрдү алып салууну сунуштаган. Анын айтымында, ал түзөтүүлөр ушул эле кылмыштын жаңы учурларына түртүшү мүмкүн.
«Аткезчилик кылган адам бир нерсени жоготуп алуудан коркпой калат экен да. Эгер кармалып калса эч нерсе болбогондой бажы алымдарына төлөнүшү керек болгон сумманы төгүп коёт. Бул ченем азыр аткезчилердин жашоосун жеңилдетүүдө, бул мамлекетке миллиарддаган акчалар түшпөй калуусуна жол ачат.Экинчиден, мыйзамда айтылгандай, колго тушкөн учурда чегерилген бажы төлөмдөрүнүн эки эсе наркын алган учурда деле аткезчиликтин азайышына эч кандай таасир бербейт. Анткени аткезчилерге колго тушкөн учурда эч кандай кылмыш жообуна тартылуу жана ири материалдык чыгым тартуу коркунучу болбойт», — деп белгиледи депутат.
Рыспаевдин айтымында, өлкөдө аткезчиликтин өнүгүшү үчүн дагы бир жылчык — бул түзөтүүлөрдөгү экинчи жолу кармалышында деп көрсөтүлгөн аткезчилер үчүн кылмыш жазасы. Анын ою боюнча, бул түзөтүүлөр кирсе «аткезчилерге коштоочу документтерди жол-жоболоштуруу үчүн улам жаңы адамдарды жалдап, эгер кармалса, аларга эч нерсе болбойт деген беренени көрсөтүп коюшат».
Ал эми жаңы мыйзам мөөнөтсүз иштей турганын жана тескерисинче аткезчилерге жардам берерин Дастан Бекешев дагы айткан. Анын айтымында, мунапыстын мөөнөтүн кыскартуу жана кылмыш жазасын жеңилдетүү кыргызстандыктарды аткезчилик менен жан багууга түртүшү мүмкүн.
«Экономикалык аткезчиликтин күч алышы өлкөдөгү ансыз дагы оор абалда турган азык-түлүк жана айыл-чарба өндүрүшүн жок кылат. Экономикалык аткезчилик жалпы экономикага оор залал келтирет. Ал зыянды экономикалык аткезчилик кылган учурда кармалгандардын өз каалоосу менен чыгымдын ордун толтурган каражатынын жардамы менен калыбына келтире албайбыз», — деп айткан ал.
Бирок Рыспаев менен Бекешевдин жүйөөлөрү дагы эске алынган жок.
Жапаровдун Экономикалык мунапысы
Маани-мааңызы жагынан караганда, жаңы мыйзам 21-октябрдан 21-ноябрга чейин күчүндө болгон Садыр Жапаровдун Экономикалык мунасын бекемдеп жана кеңейтет. Ал республиканын пайдалануудагы мыйзамдарына карама-каршы келген, бирок Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, анткен менен бир катар кыргызстандык мунапысты колдонгон.
Жазык кодексине кандай түзөтүүлөр даярдалып жатканы тууралуу октябрдын аягында депутат Дастан Бекешев билдирип чыккан. Анын айтымында, Садыр Жапаров демилгелеген түзөтүүлөрдө тобокелчиликтер көп жана ал ар кандай кыянат кылуу үчүн жолдорду ачат.
«Мисалы, ишкерлик кылган бир адамды колго түшүрдү дейли, анан ага айтат: “Сен салык төлөөдөн качып жүргөнсүң”, андан кийин ушул мыйзам менен терисин сыйрып башташат. Албетте, эч ким ТИЗОго отургусу келбейт да», — деп белгилейт ал.
Эл өкүлүнүн айтымында, келтирилген зыянды төлөп коюп, «үйгө кете берүүгө» ар бирөө макул болот. Ал «ниет жакшы» болгонуна карабастан, бул мыйзам долбоору боюнча өтө чоң тобокелчиликтер жана коркунучтар бар экенин кошумчалады.
ДАГЫ ОКУҢУЗ: Жапаровдун «экономикалык мунапысы» мыйзамга каршы келеби? Ошондо Матраимов камалбайбы?