Балбан Улукбек Жолдошбековго Бишкектен бир бөлмөлүү батир тартууланды

Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курамасынын балбаны Улукбек Жолдошбеков Бишкекте бир бөлмөлүү батирге ээ болду. Бул тууралуу спортчу инстаграм барагында билдирди.

Жолдошбеков батирди Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курамасынын атынан 24-декабрда, 2020-жылдын жыйынтыгын чыгаруу учурунда алган.

Спортчу 2019-жылы эркин күрөш боюнча чемпион болгон. Ал бул наамды Венгриядагы турнирде жеңип алган. Ал эми 2020-жылдын февралында 23 жашка чейин балбандардын арасында Азия чемпиону болгон.

Жолдошбеков менен катар спорттогу жетишкендиктери үчүн күрөш боюнча дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова дагы батирге ээ болгон. Бирок батирди расмий өткөрүп берүү маселесин Бишкек шаарынын бийлиги бир жыл өткөндөн кийин чечкен.

2020-жылдын декабрында Бишкек шаардык кеңеши токтом кабыл алган. Ага ылайык, Тыныбековага экс-мэр Нариман Түлеевдин конфискацияланган батирлеринин бири берилген.