Айлана-чөйрөнү коргоо мамагенттигинин кызматкерлери митингге чыкты

Сүрөт: 24.kg

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери 28-декабрда ведомствонун Бишкектеги имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар мекеменин жаңы жетекчиси Динара Кутманованын дайындалышына макул эмес.

Акцияга ведомствонун 50гө жакын кызматкери «Кутманова кетсин» жана «Коллектив — это сила» деген плакаттарды көтөрүп чыккан.

Мамагенттиктин кызматкерлери премьер министрге жана президенттин милдетин аткаруучунун атына кайрылуу дагы жолдошкон. Анда Кутманованын ар башка жылдарда айлана-чөйрөнү коргоо системасында иштегендиги, бирок бир катар финансылык мыйзам бузуулары үчүн жумуштан алынгандыгы айтылат.

«2000-жылдары Кутманова Республикалык экологиялык фонддун директору болуп турганда бир катар финансылык бузуулары үчүн жумуштан айдалган. Фонддун директору болуп турганда Кутманова фонддун каражаттарын жеке кызыкчылыктары үчүн сарптаган», — деп айтылат кайрылууда.

Кутманова 2020-жылдын 13-ноябрында ведомствого жетекчи катары дайындалган. Буйрукка ал убакта премьер-министрлик кызматта турган Садыр Жапаров кол койгон.