«Бишкек башкы архитектуранын» кармалган башчысы үй камагына чыгарылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 26-декабрда «Бишкек башкы архитектуранын» башчысы Асхат Түлөбердиевди үй камагына чыгарды. Бул баш коргоо чечими сот токтому менен 2021-жылдын 24-февралына чейин сот өндүрүш убагына деп кабыл алынды.

Түлөбердиев жер тилкелерин сатууда коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө. Буга чейин ал УКМК тарабынан кармалып, тергөө изоляторуна киргизилген болчу.

Тергөөчүлөр анда Бишкек мэриясынын, Жер ресурстары башкармалыгынын жана «Бишкек башкы архитектуранын» кызматкерлери 2017-жылы кызыкчылыгы бар адамдар менен «кылмыштуу бүтүмгө» барышканын аныктаган. Алардын маалыматына ылайык, алдын ала аныкталган жеңүүчүлөргө жер участокторун сатуу боюнча «жалган» тоорук өткөрүлгөн.

Түлөбердиевден тышкары коррупция фактысы менен тооруктун «жалган» катышуучусу дагы кармалган.

Түлөбердиевдердин «күмөндүү тооруктары»

Бул Түлөбердиев аралашкан мамүлккө байланыштуу биринчи жолку эле чуу эмес. 2019-жылы октябрда Factcheck.kgнин журналисттери Түлөбердиевдин агасы Ренат Түлөбердиевдин «Киргизия 1» аймагында декларацияга киргизилбеген хансарайын табышкан. Ренат Түлөбердиев — Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси.

Иликтөөнүн алкагында журналисттер аткаминердин жана анын үй-бүлөсүнүн кыймылсыз мүлккө байланыштуу бир нече «күмөндүү» иш-чараларын аныкташкан. Негизинен, Асках Түлөбердиев Ысык-Көл облусунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндөгү курорттук аймактан убактылуу пайдаланууга деп жер ээсинен 188 чарчы метр участок алган.

Жарым жылдан кийин ал тартуулоо келишими менен участокту энесине каттатып, энеси өз кезегинде аны ушундай эле ыкма менен жээнине каттаткан. Журналисттердин маалыматына ылайык, ушундай эле схема менен Түлөбердиевдердин үй-бүлөсүнүн наамына ушул эле жер тилкесинде жайгашкан конок үйү дагы «өткөрүлгөн».

Мындан тышкары, Асхат Түлөбердиев 2018-жылы 10 кабаттуу турак үйдү курууда кызмат абалынан кыянат пайдаланган деп дагы айыпталган. Бирок ал эки инстанциянын соттору тарабынан акталган.