«Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору» ААКнын башкы директору Таалайбек Байгазиев басма сөз жыйында кыргызстандыктар үчүн электр энергиясынын баасын жогорулатуу керектигин билдирди.
Ошондой эле, өлкөдө электр жарыгынын көп сарпталып жатышынын анык эмес себебин атап, электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды.
Тарифтер тууралуу
Анын айтымында, жеңилдетилген тариф калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн калтырылып, ал эми «калган колдонуучулар рыноктун режиминде» жашашы керек. Мында «акылдуу» эсептегичтердин жардамы чоң: аларды колдонуучу электр энергиясын пайдалануу ыкмасын өзү тандагыдай кылса болот.
«Тарифтерди жогорулатуу керек, анткени электр энергиясын колдонуу өсүп жатат. Экономиканы өнүктүрүп, энергетикалык кубаттуулукту көбөйтүү керек. Бул биз үчүн, Кыргызстан үчүн керек. Демек, кандайдыр бир жол менен тарифтерди жогорулатуу зарыл. Бул кескин жогорулатуу болбошу керек. Пландалган, ийкемдүү график менен ишке ашырууга болот. Бардык коңшу мамлекеттер тарифтерин жогорулатты», — деп билдирди Байгазиев.
Аткаминер энергетика сектору компаниянын чыгымдарын кыскартып, коррупциялык тобокелчиликтерден арылышы керек деп эсептейт.
Азыр Кыргызстанда 1 кВт саат энергия үчүн 77 тыйын төлөнөт. Бирок мындай тариф колдонуучу чектөөдөн ашпаган учурда (бул жөнөкөй колдонуучулар үчүн 700 кВт, бийик тоолуу райондор үчүн 1000 кВт саат) гана иштейт. Чектөөдөн ашкандан кийин 1 кВт саат үчүн 2 сом 24 тыйын. Насостук станциялар 77,9 сом, балдар үйлөрү 1,58 сом, ал эми майнинг-фермалар 2,91 сом төлөйт.
Кезектеп өчүрүү тууралуу
Чиновниктердин айтымында, быйыл кезектеп өчүрүүгө жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлөт. Бирок келе жаткан жыл мындан дагы оор болушу күтүлүүдө. Чектөө киргизүү жана кезектеп өчүрүүлөр болушу мүмкүн: буга суу сактагычтагы суунун көлөмүнүн азайгандыгы себепкер.
«Кургакчылыктын айынан Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз. Келерки жыл кандай болору белгисиз. Суу сактагычка агып келчү дарыялардын башына кар жакшы жаабаса, келерки жылда кыйынчылык жаралат. Керектүү көлөмдү сактап туруу үчүн электр энергиясын импорттоо керек. Азыр аз гана көлөмдө импорттолуп жатат.
Биз бир нече миллиард куб суу чогултушубуз керек. Ошондуктан энергетиктер жарыкты үнөмдөөгө чакырып жатат. Бул алардын өздөрүнүн бюджетине дагы тиешелүү. Электр энергиясын канчалык аз колдонсоң, ошончолук аз төлөйсүң», —деп белгиледи Таалайбек Байгазиев.
Керемет жашоо тууралуу
Байгазиев электр энергиясын колдонуунун жогорулашына кыргызстандыктардын үйлөрүндө ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганы себепкер болууда деп эсептейт: бойлер, жылуу пол, электрдик жылытуу системасын коё башташы.
«Мунун баары жакшы, албетте. Бирок биздин энергосектордун ресурсу ченелүү экенин эстен чыгарбоо керек. Кыш мезгилинде, башка өткөөл мезгилдерде анын ченеми бар », — деп сөзүн бүтүрдү ал.
Кыргызстандагы энергетикалык кризис
2020-жылы Токтогул суу сактагычында суу аз болгонуна байланыштуу, Кыргызстан электр энергиясын Казакстандан сатып алууга мажбур. Вице-премьер-министр Равшан Сабиров Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, Токтогул суу сактагычында 19,5 млрд кубометр суунун ордуна болгону 14,7 млрд кубометр суу топтолгон.
«Электр энергиясын камсыз кылыш үчүн өкмөттүн буйругуна ылайык, Казакстан менен 300 млн киловатт-саат электр энергиясына товар алмашуу болду. Ошондой эле 2020-жылдын аягына чейин Казакстандан баасы 2,4 америкалык центтен 500 млн киловатт-саат электр энергиясын импорттоо боюнча чечим кабыл алынган», — деди ал.
2020-жылдын августунда экс-президент Сооронбай Жээнбеков да республикада электр энергиясы тартыш болорун айткан. Ошол убакта Кыргызстанга Токтогул суу сактагычында 2,4 млрд кубометр суу тартыш болчу.
Бийлик калктын электр энергиясын колдонуусуна чектөө киргизбей турганын убадалаган. Бийлик суу сактагычтагы суунун тартыштыгын бир нече жылга созула турган суунун тартылуу мезгили менен байланыштырган..
Бирок 2020-жылдын октябрь айында өлкөдө бийлик алмашып, кышкы суук башталганда жарык өчүрүүлөр боло турганы белгилүү болгон: электр энергиясын колдонуу жогорулагандыктан көмөк чордондорго күч келип, жарык автоматтык түрдө өчүп калышы мүмкүн. Улуттук энергохолдинг кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга чакырган.
Алар маал-маалы менен өчүрүү болбой турганын убада кылып, үйдү жылытуу үчүн газ жана көмүр жагып, электр жарыгын үнөмдөөгө чакырган.
15-декабрда кечинде электр жарыгынын маал-маалы менен өчүрүлүшүнө нааразы болуп Ак-Жар жана Ак-Бата конушунун тургундары айланма жолду тосуп алышкан. Социалдык тармактарда жана ЖМКда адамдар айланма жолду тороп, автоунаанын дөңгөлөктөрүн өрттөп жаткан видеолор тараган.
16-декабрда Аламүдүн районунун акими Марс Саккараев «Азаттыкка» маалымдагандай, маселе жарым-жартылай чечилип, аталган конуштарга электр энергиясы кезеги менен бериле баштаган.
«Мисалы, эки көчөгө эки саат берип, дагы эки көчөнү өчүрө турсак. Анан аларга бергенде беркилери өчүрүлүп турат. Тургундар өздөрү да буга макул болушту», — деген ал.
Ал эми 18-декбарда өкмөттө республикада боло турчу энергетикалык кризиске байланыштуу кезексиз жыйын өткөн. Премьер-министрдин м.а, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кышкы сууктан чыгуу үчүн өлкөнүн резервдүү кубаттарын ишке киргизүүнү сунуштап, ошол эле учурда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо чараларын кабыл алуу зарылдыгын билдирген.