Артём Новиков Бишкек ЖЭБдин экинчи агрегатын ишке киргизүүнү сунуштады

Өкмөттө республикада боло турушу мүмкүн энергетикалык кризиске байланыштуу кезексиз жыйын өттү. Суук күчөп, электр тутумдарына күч келүүдө: акыркы күндө эле план боюнча 49,8 млн кВт саат каралган болсо, иш жүзүндөгү керектөө 58 млн кВт саатты түзгөн.

Ошондуктан премьер-министрдин м.а, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өлкөнүн резервдүү кубаттарын ишке киргизүүнү сунуштады. Бишкек үчүн бул калаа ЖЭБинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилет дегенди билдирет.

«Электрди жана жылуулукту иштеп чыгуунун жетиштүү көлөмүн камсыздоо үчүн экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүгө мезгил келип жетти деп эсептейм. Ал үчүн кошумча финансы чыгымдары керектелет, бирок жарандарга мындай суукта ыңгайсыздык жаралбашы керек. Мезгилдүү өчүрүүлөр болбошу керек», — деп тапшырма берди өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Новиковдун айтымында, калк арасында электр энергиясын үнөмдөө керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин гана жүргүзбөстөн, аны керектөөнүн көлөмүн дагы кыскартуу маанилүү.

«Биз энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Бирок өткөн жылдары бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес. Учурда чыныгы абалды жана окуялардын негативдүү өнүгүүсүнө карай даярдык кандай экендигин баалоо керек, ошол эле учурда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо чараларын кабыл алуу зарыл», — деди Новиков.