Рашид Тагаев президенттик шайлоодон талапкерлигин алып салды

Рашид Тагаев

Талапкерлердин бири Рашид Тагаев кезексиз президенттик шайлоого катышуудан баш тартканын жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук барагына жазды.

Тагаев шайлоо өнөктүгү учурунда командасы менен ар бир жаранга өздөрү ишенген чындыкты жеткирүүгө аракет кылганын белгиледи. Ал татыктуу талапкер мамлекет башчылыгына келип, Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн иштейт деп үмүттөнөт.

«Жеке ишенимиме байланыштуу, Кыргызстандын президенттигине талапкерлигимди алып сагууга аргасыз болуп жатам, мындан ары үгүт иштерин жургүзбөйм. Менин бул чечимимди сиздер дагы колдойсуздар деп ишенем. Анткени силер башында эле менин өлкө президенттигине талапкерлигимди койгондо колдогонсуз», — деди ал.

Тагаев ошондой эле, ал өз позициясында каларын, мындан ары өлкөдөгү тартип жана туруктуулук үчүн, анын гүлдөп-өнүгүшү үчүн иштей берерин айткан.

Тагаев учурда саясий күн тартиби өтө тездик менен өзгөрүп жатканын белгилеп, чечимдер кырдаалга жараша кабыл алынып жатканына токтолду. Бирок кырдаал жалпысынан турукташканда, ал баштаган ишин улантарына ишенерин билдирди.

Буга чейин Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Каныбек Иманалиев жана Канат Исаев өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоо үчүн биригип, меморандумга кол коюшкан болчу.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоого 18 талапкер ат салышып жаткан. Тагаев үгүт иштери жүрүп жатканда шайлоого катышуудан баш тарткан биринчи талапкер болду. Ошентип, учурда 17 талапкер калды. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Андан сырткары бул күнү мамлекеттик башкаруу формасын тандоо боюнча референдум өтөт. Шайлоочулар президенттик же парламенттик башкарууну тандоо боюнча добуш берет.