Жапаровдун өкүлү Караколдо шайлоочулар менен жолукканда мыйзам бузулганын моюндады

2-январда БШК Садыр Жапаровдун Каракол шаарындагы стадиондо үгүт иштери учурунда театрлаштырылган оюн-зоок маселесин карады. Мыйзамга ылайык, үгүт учурунда театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүүгө тыюу салынат.

Жапаровдун өкүлү Александр Мощин талапкердин штабынын бул театрлаштырылган оюн-зоокко эч кандай тиешеси жок экенин айтты.

Анын айтымында, театрлаштырылган оюн-зоок жергиликтүү тургундардын демилгеси болгон, ал эми Жапаровдун өкүлдөрү бул мыйзам бузуу экенин билишсе дагы, болуп жаткан окуяларга кийлигишкен эмес - «алар жаңжал салып, күч колдонууну каалашкан жок». Спектаклдин сюжети боюнча, Жапаровго «жети аке» батасын берген.

«Ошондуктан, Мощин өзү мыйзам бузуу болгонун мойнуна алды. Ал мыйзам баарынан жогору жана ушул үгүт иш-чарасынан дагы жогору турарын белгиледи», - деди үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин маалымдоо жана сактоо боюнча жумушчу топтун өкүлдөрү.

Жумушчу топ Садыр Жапаровго эскертүү берип, театрлаштырылган оюн-зооктун уюштуруучусуна айып пул салууну сунуштады.