«Көргүлүктү көрөсүңөр». Байкоочулар үгүт учурунда коркутуп-үркүтүүлөр болгонун айтышууда

«Жалпы иш» фонду президенттикке талапкерлердин айрымдары тарабынан агитация учурунда мыйзам бузуулар катталганын маалымдашты. Бузуулар жөнүндө маалыматтар текшерүү үчүн ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топко жөнөтүлүп жатат.

«2021-жылдын 2-январында чымыр денелуу бейтааныш эркектер Кара-Суу районунун Киров айылын үймө-үй кыдырып, Садыр Жапаров президенттик шайлоодо жетиштүү добуш албаса айыл тургундары катуу жазаланаарын айтып опузалашкан», — деп фонддон билдиришкен

Буга чейин 21-28-декабрь аралыгында байкоочулар 27 бузууга күбө болушкан. Админресурсту пайдаланууга байланышкан 15 факты, 7 жолку шайлоочунун добушун сатып алуу аракети жана зомбулук, коркутуп-үркүтүү колдонгон 5 учур катталган.

Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылдарында шайлоочулардын паспортторунун көчүрмөсү чогултулган.

«Мыйзамсыз агитациядан тышкары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Жапаровго добуш берген тургундарга сыйлык убадалашкан. Ошондой эле паспорттун көчүрмөсүн талап кылып, шайлоо мыйзамын одоно бузууга жол берилген», — дейт фонд.

Ошондой эле, байкоочулар Жапаров үчүн үгүт жүргүзүүгө Минфиндин кызматкери тартылганын аныкташкан. Ал эми Араван районунда Курсан Асанов үчүн үгүт жүргүзгөн ИИБнин кызматкери байкалган.

Дагы бир талапкер үчүн добуш бергендерге насыяларын төлөп берүү убадаланган.

«Ош облусунун Араван районунда финансылык уюмдун кредиттик эксперттери кайсыл бир талапкер үчүн добуш бергендердин үч айлык насыя пайызын ошол талапкер жетекчилик кылган компания төлөп берет деген маалыматты шайлоочулар арасында жайылтышкан», — дешүүдө байкоочулар.

Бул президенттикке талапкер Бабыржан Төлбаев жетектеген «Мол Булак» финансылык уюму болушу мүмкүн. Кандай болгон күндө да, дал ушул микрокредиттик компаниянын аты аталган жерде Төлбаевдин фамилиясы айтылууда.

«Ошол эле финансылык компаниянын Ош облусунун Араван районундагы бөлүмүндө, жетекчилик тарабынан филиал кызматкерлерине карата кысым көрсөтүлүп, Б. Төлбаев үчүн добуш берүү талап кылынган. Макул эместерди жумуштан кетиребиз деген коркутуулар болгон», — дешет алар.