ЭлТР «Азаттык» менен келишимин бир тараптуу токтотту

«Азаттык» радиосу программаларын көрсөтүү боюнча келишим ЭлТР мамлекеттик телекомпаниясы тарабынан бир тараптуу мөөнөтүнөн мурда токтотулганын кабарлады. Эми «Азаттыктын» көрсөтүүлөрүнүн ордуна ЭлТР түрк, жапон мультфильмдерин жана кыргыз тилине которулган, тарбиялык мааниси бар фильмдерди көрсөтөт.

Телекомпаниянын башкы директору Эрлан Догдурбековдун айтымында, бул чечим Жаңы жылга чейин эле, көркөм кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ага ылайык, келишим 2021-жылдын 5-февралынан тартып күчүн жоготот.

«Биз 2021-жылга өзүбүздүн пакетибизди жаңылап, жаңы программаларды киргизип жатабыз. Эң негизгиси – прайм-таймга өзүбүздүн жаңы котормолорду киргизип жатканбыз. Азыр эл котормого жакшы басым жасап жатат. Эл «сиздердин көрсөтүүлөрдү көрүп жатабыз. Бирок өтө кеч болууда» деп айтып жатат. Бизге котормолорго ошол прайм-тайм убакыт керек болду. Негизинен 2021-жылы биз контентти, программаларыбызды жаңылап жатабыз. Ошондуктан азырынча токтотуп коюуга туура келип жатат. «Азаттык» менен аябай жакшы иштештик. Жетекчилигине, кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз», — деген ал.

Догдурбеков белгилегендей, келишимге ылайык, тараптар экинчи тарапка бир ай мурун эскертип, келишимди бир жактуу токтотууга акылуу.

Эфирге чыгарбай жатышты

«Азаттыктан» билдиришкендей, 2020-жылдын август, сентябрь жана декабрь айларында ЭлТР «Азаттыктын» шайлоо, коронавирустун курмандыктары, соцтармактардагы фейк маалымат жана Кыргызстандын Кытайга болгон мамлекеттик карызы тууралуу айрым берүүлөрүн эфирге чыгаруудан баш тартып келген.

«Телеканалдын жетекчилиги бул берүүлөрдө бир жактуу маалымат берилген деп айткан. “Азаттык” ЭлТРдин бул жүйөсүнө макул эмес экенин, телепрограммаларды даярдоодо учурунда бейтараптык эрежелери бекем сакталарын билдирген», — деп билдиришти радиодон.

Келишим боюнча, «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор», «Эксперттер талдайт», «Биз жана дүйнө», «Данисте», «Азаттык Плюс», «Каректе Евразия» телеберүүлөрү ЭлТРдин эфиринде 2016-жылдан бери иш күндөрү кечкисин чыгарылып келген.

ЭлТРдеги кадрдык алмашуулар жана Жапаровдун сыны

Октябрь окуяларынан кийин, өлкөдө бийлик алмашканда ЭлТРде эки жолу директор алмашты. Алгач 19-ноябрда телерадиокомпаниянын башкы директору болуп журналист жана «Супер Инфо» гезитинин мурдагы директору Шайиста Шатманова дайындалган.

Бирок ЭлТРдин жамааты жаңы директорду кабыл албай, иш таштаган. Андан соң 30-октябрда телекомпаниянын жетекчилигине режиссёр жана телекомпаниянын кызматкери Эрлан Догдурбековду дайындашкан.

Дайындоо тууралуу тиешелүү жарлыктардын баарына ошондогу премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Мурдараак Жапаров Region телеканалына курган маегинде, «Азаттык» анын бардык сөздөрүн бурмалап, ошону менен окурмандарга ал тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Жапаров аталган басылманын журналисттери аны эфирлеринде жана материалдарында жамандоо менен башка бирөөлөрдүн буйрутмаларын аткарып жатат деп эсептеген.