ЭлТРдин башкы директорлугуна режиссёр Эрлан Догдурбеков дайындалды

ЭлТР МТРКсынын башкы директору Эрлан Догдурбеков

ЭлТР мамлекеттик телерадиокомпаниясына башкы директор болуп дайындалган Шаиста Шатманова 30-октябрда кызматынан бошотулду. Аталган кызматка Эрлан Догдурбеков дайындалды. Буйрукка президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр жапаров кол койду.

Догдурбеков ЭлТРде режиссёр болуп эмгектенип жаткан.

Шатманова ЭлТР МТРКсыныны жетекчилигине 19-октябрда дайындалган. Бирок телеканалдын жамааты Шатманованы кабыл албай, Жапаровго видеокайрылуу жасап, компанияга башка жетекчи дайындап берүүнү талап кылышкан. Ушундай эле талап менен ЭлТРдин Ош филиалынын кызматкерлери да акция өткөрүшкөн.

Алардын талаптары аткарылбаса 300дөй киши иш таштай турганын айтышкан. Ошондой эле, мурунку директордун эки орун басарларынын бирин же учурдагы кызматкерлердин ичинен бирөөнү жетекчиликке дайындап берүүнү талап кылышкан. Бирок Шатмановага эмнеге каршы болушканын түшүндүрүп беришкен эмес.

Мындан сырткары, телерадиокомпаниянын кызматкерлери иш таштоодон майнап чыкпай турган болсо, Шатманованы кызматка дайындоочу чечимди жокко чыгаруу үчүн сотко даттана турганын белгилешкен. Шаиста Шатманованы президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров дайындаган болчу.

Шатманова 2012-жылдан тарта 2020-жылдын августуна чейин эң көп тиражы бар «Супер Инфо» гезитин жетектеген. Гезиттин директорлугунан кетүүгө саясий көз караштардын айырмачылыгынан улам ага көрсөтүлгөн «кысым» себеп болгондугун айткан. Ал буга чейин да редакцияга кысым көрсөтүлүп жатканын көп ирет айтып келген.

Кийинчерек Социал демократтар» саясий партиясынын басма сөз катчысы жана парламенттик шайлоодо талапкери болгон. «Социал демократтар» партиясын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулдары жана тарапташтары негиздешкен.

Тема боюнча:

ЭлТР телеканалынын жамааты Шатманова жетекчиликтен кетпесе иш таштоону көздөөдө

Ошто ЭлТРдин кызматкерлери жаңы дайындалган жетекчиге каршы чыгышты

ЭлТР телеканалынын жамааты жаңы жетекчини кабыл албай, иш таштады