Медиа коомчулук Жапаровдун «Азаттыкты» айыптаганы басма сөз эркиндигине коркунуч жаратат деп эсептейт

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров «Азаттыктын» журналисттери аны катуу сындай турганын айтты. Ал Region телеканалына курган маегинде, «Азаттык» анын бардык сөздөрүн бурмалап, ошону менен окурмандарга ал тууралуу туура эмес маалымат берип жатканын билдирди.

«Акыркы 7-8 жылдан бери “Азаттыкты” тынбай угат элем, бир күнүн калтырбайт элем. Акыркы бир айдан бери уга элекмин. Өткөндө убакыт боло калып, бир сааттык [эфирин] уктум. Абдан катуу сындап жатат. Менин сөздөрүмдүн баарын эптеп-септеп бир жеринен бурмалап алып туруп, башкача ойдо элге жеткирип жатат. Бул туура эмес», — деди Жапаров.

Жапаров аталган басылманын журналисттери аны эфирлеринде жана материалдарында жамандоо менен башка бирөөлөрдүн буйрутмаларын аткарып жатат деп эсептейт.

«Эгерде тигил жактагы кожоюндары буйрутма берип жаткан болсо дагы, бизде отурган “Азаттыктын” кыргыз жигиттери, кыргыз кыздарыбыз кичине ойлонуп, аларга айтып түшүндүрсө болмок: “жок, минтип бурмалап бере албайбыз” деп. Же болбосо мага келип, экинчи тараптын пикирин алып туруп, эки тараптуу кылып берсе жакшы болмок», — деп белгиледи Жапаров.

Ушуну менен саясатчы «Азаттыктын» журналисттери анын сөздөрүн атайын бурмалап жатат деп аларды экинчи жолу айыптоодо. 10-октябрда өткөн басма сөз жыйында «Азаттыктын» журналистинин Жапаровдун тарапташтары тарабынан басым болуп жатканы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, журналисттер буга өздөрү күнөөлүү экенин айткан.

«Фактыларды анча-мынча бурмалап берип жатасыңар. Балким ошол үчүн ошентсе [коркутушса] керек. Башка журналисттерге эч кандай кысым болгон жок. Бул [журналисттер] фейк маалыматтарды таратканы үчүн болуп жатат», — деп айткан Жапаров.

Жапаров Кыргызстандагы айрым журналисттик материалдарда фактылар жана экинчи тараптын пикири жетишпейт деп эсептейт.

«Сиздерден суранам, [материал] бир жактуу болбосун. Качан гана фактыларды 100% далилдеп бергениңизде, ал [иликтөөнүн фигуранты] ким болбосун жазага тартылат. Мен сиздерге 100% сөз берип кетем, бир дагы журналисттик коррупцияны аныктап чыккан материалы жөн калбайт. Кээ бирөөлөр фактысы жок, далили жок нерселерди чыгара берет. Эскертип кетем, андайга барбаңыздар», — деди Жапаров.

Жапаровдун журналисттерди айыпташы — ЖМКларга коркунуч жаратат

Кыргызстандагы журналисттер жана көз карандысыз медиа уюмдар Жапаровдун «Азаттыктыктын» дарегине айткан айыптоолоруна байланыштуу тынчсыздануусун билдиришти. Алардын айтымында, мындай жол менен Жапаров Кыргызстандыгы басма сөз эркиндигине коркунуч жаратууда.

«Маалыматты бурмалоо боюнча журналисттерди айыптаган билдирүү конкреттүү фактылар менен бекемделген эмес. Бирок, Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин социалдык тармактардагы топторунда анын сөзү “Жапаровду же анын командасын сындаган ЖМКга ишенбеш керек” деген сигнал катары чечмеленүүдө. Жапаровдун ЖМКга карата оозеки чабуулу журналисттерди социалдык тармактарда коркутуп-үркүтүүнүн жана куугунтуктоонун бутасына айландырды», — деп айтылат медиа коомчулуктун билдирүүсүндө.

Ошондой эле, медиа уюмдар Жапаровдун билдирүүсүн кыйла кооптуу жана жоопкерчиликсиз деп аташты.

«ЖМК — бул негизги демократиялык институттардын бири жана жогорку рангдагы адамдын мындай билдирүүлөрү басма сөз эркиндигине коркунуч жаратып, коомдун прессанын демократиядагы ролун билип түшүнүү укугун кетирет. Мындай билдирүүлөр журналисттердин коомдук жактан маанилүү окуяларды чагылдыруу боюнча иштерин бир топ кыйындатып, алардын ишмердигин жаман көрсөтөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Медиа коомчулук Жапаровду «Азаттыктын» журналисттерин сындоону токтотууга жана Кыргызстандагы басма сөз эркиндигин таанууга чакырды.

«Маалыматтын жеткиликтүүлүгү акыйкаттуу жана болушунча тең болушун камсыздоо үчүн прессага туруктуу басма сөз жыйындарды өткөрүп турууну жана саясий фаворитизмден арылууну сунуштайбыз. Белгилей кетчү нерсе, элге таанымал адамдар жана саясатчылар өз эрки менен журналисттердин, жалпы коомчулуктун көп көңүл буруунун объектисине айланышат, андыктан сын-пикирге көбүрөөк чыдамдуураак болушу керек», — деп айтылат билдирүүдө.