Садыр Жапаров «ЭлТРдин» жана «Эркин-Тоо» гезитинин жетекчилерин алмаштырды

Өкмөттүн басма сөз кызматы 19-октябрда журналист жана «Супер Инфо» гезитинин мурдагы директору Шаиста Шатманова «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору болуп дайындалганын маалымдады.

Ал эми 2020-жылдын январынан тартып бул орунда иштеп келген Керимбек Калыкулов ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле 19-октябрда өкмөттүн «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору Дыйканбек Керимбаев да кызматынан кетти. Учурда башкы редакторлук кызматка журналист Бахпурбек Аленов келди.

Бардык дайындоолор боюнча тийиштүү буйруктарга премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Жаңы жана эски кадрлар

2020-жылдын август айында Шаиста Шатманова «Супер Инфо» гезитинин директорлук кызматынан кеткен. Шатманова менен кошо Super.kg порталынын директору менен башкы редактору дагы жумуштан кетүү арызын жазышкан.

Шатманованын айтымында, бул кадамга барууга саясий көз караштардын айырмачылыгынан улам ага көрсөтүлгөн «кысым» себеп болгон. Ал мурдаарак да редакцияга кысым көрсөтүлүп жатканын көп ирет айтып келген.

«Супер Инфо» гезити менен Super.kg порталын Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсү менен байланыштырып келишет. 2019-жылдын май айында аталган ресурстардын ээлери алмашканы айтылган.

FactCheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров да редакция Матраимовдун гезитке тиешеси бар-жогун текшерип атканын кабарлады.

«Азырынча бүтө элекпиз. Айрым маалыматтар бар. “Супер инфонун” жаңы ээлери Матраимовдордун жердештери, Кара-Суудан болушат. Ээси алмашкандан кийин “Супер инфонун” жамааты жаңы жерге, “Эльдорадо” соода борборуна көчкөн. Анын ээси бизге белгилүү болгондой, Минавар Жумаева эсептелет — Искендер Матраимовдун жубайы. Бул байланыштар бар», — деди ал.

Гезиттин негиздөөчүсү жана мурдагы элчи Кылычбек Султан бул маалыматты төгүнгө чыгарууда.

«Супер Инфо» гезити Кыргызстандын аймагында 2002-жылдан бери чыгарылып келет. Бүгүнкү күндө ал эң популярдуу делген кыргыз тилдүү гезиттердин бири. Гезиттин Super.kg деген көңүл ачуучу жана жаңылыктар түрмөгү чыккан порталы да бар.

Журналист Керимбек Калыкулов «ЭлТР» каналынан башкы директорлугуна 2020-жылдын 13-январында мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен бекитилген. Ага чейин ал «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун Ош облусу боюнча орун басары, Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматкери болуп иштеген.

2014-жылдын июлунан 2020-жылдын январына дейре Калыкулов «ОшТВ Телеканалы» ЖЧКсынын башкы директору болуп турган.

Журналист Дыйканбек Керимбаев 2017-жылы мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору болуп дайындалган. Ошол эле жылы «парламенттин ишмердигин чагылдырууга кошкон салымы, жогорку адискөйлүгү жана жигердүү коомдук ишмердиги үчүн» ардак грамотасы менен сыйланган.

Журналист Бахпурбек Аленов 2009-жылга чейин президенттин басма сөз кызматынын аймактык жалпыга маалымдоо каражаттары секторунун бөлүм башчысы кызматын аркалаган. Кийин «Кыргызфильмофонддун» директору болуп дайындалган.

Аленов, 2004-жылдын мартында көзкарандысыз «Энесай» гезитинин башкы редактору болуп турганда камакка алынган. Ал Мыйзам чыгаруу кеңешинин депутаты Тайырбек Сарпашевдин бир тууган агасынан 800 доллар опузалоо боюнча айыпталган. Ал учурда ИИМ Аленов «Энесай» гезитине депутат Сарпашевдин мыйзамсыз иштерин ашкерелөөчү материал чыгарам деп коркутуп, акча опузалаган деп билдирген.

Аленов күнөөсүн мойнуна албаганына карабай, ИИМдин басма сөз кызматы Аленов сурак учурунда күнөөсүн мойнуна алды деген кабар тараткан. Апрель айында журналист Парламенттин эл өкүлдөр кеңешинин алты депутатынын кепилдиги менен бошотулган.