Мамытов Матраимовдордун юристин Свердлов районуна судья кылып дайындады

Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Бишкек шаарында жети, Ысык-Көл жана Нарын облустарында эки жаңы судьяларды дайындоо тууралуу буйрукка кол койду. Алардын арасында Бишкектин Свердлов райсотунун судьясы болуп дайындалган Лейла Байдаева дагы бар.

Байдаева Свердлов райсотунда каралып жаткан Матраимовдордун «Клооп» баштаган бир катар ЖМКларга карата доо арызы боюнча сот ишинде депутат Искендер Матраимовдун, анын жубайы Минавар Жумаеванын жана Исмаил Матраимов атындагы фондунун кызыкчылыктарын коргоп келген.

Матраимовдордун ЖМКга каршы доо арызы

2019-жылдын ноябрь айында OCCRP, «Азаттык» жана «Клооптун» Кытайдан Кыргызстан аркылуу товар алып өткөн көп жылдык, ири аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөсү жарык көргөн — бул схема бажы кызматындагы коррупция аркылуу ишке ашкан.

Журналисттердин маалыматчысы — иликтөө чыкканга чейин, ноябрь айында киши колдуу болгон Айеркен Саймаити коррупция жана аткезчиликти далилдеген документтерди журналисттерге өткөрүп берген. Иликтөнүн фигуранттары аткезчиликтин башында турган Хабибула Абдукадыр жана бажы төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болгон.

Матраимовдор ЖМКга карата доо арыз жазып, иликтөөчү-журналисттердин аты-жөнүн ачыктоону, иликтөөдө Матраимовдордун үй-бүлөсү тууралуу маалыматтарды алып салууну жана үй-бүлөсүнүн ар-намысы менен ишкердик беделине шек келтиргендиги үчүн 60 млн сом төлөп берүүнү талап кылышкан, анын ичинде —12,5 млн «Клооптон» талап кылынган.

Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсү жана Исмаил Матраимов фондунун ар-намысына шек келтирүү боюнча доо арызын 2019-жылдын 10-декабрында кабыл алган. Ошол эле күнү сот иштин маңызы боюнча карабай туруп, доогердин жоопкерлердин банктагы эсептеринин барына арест коюу өтүнүчүн орундаткан. Бирок кийин арест алынып салынган.

Журналисттердин адвокаттары судьядан баш тартып, ишти башка сотко өткөрүү тууралуу өтүнүч келтиришкен.

Бирок Байдаева судьяны чакыртып алуу жана ишти башка сотко өткөрүү тууралуу өтүнүч мыйзамсыз деп айтып чыккан.

«Автоматташтырылган тутум боюнча күмөн саноого эч кандай далил жок. Силер бүткүл өлкөгө бул иликтөөнү жарыяладыңар. Биз өтүнүчтү канааттандырбоону суранабыз. Силер ишти атайылап созуп жатасыңар», — деп Байдаева журналисттердин жактоочусун күнөөлөгөн.

Иш буга чейин 12 жолу башка күнгө жылдырылган, акыркы угуу 2021-жылдын 15-январына дайындалган.

Лейла Байдаева тууралуу дагы эмнелер белгилүү?

Лейла Байдаева — 20 жылдык тажрыйбасы бар юрист. Алгач Байдаева (1999-2003-жылдары) «Советник» юридикалык фирмасында, андан соң (2003-жылдан тартып бүгүнгкү күнгө чейин) «Бишкек-Пекин» ЖЧК юридикалык копманиясында иштеп келет. 2015-жылы Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин ишине мониторинг жүргүзгөн «Таза Шайлоо» юридикалык жактар бирикмесинин маалыматына ылайык, Байдаева Ленин райсотунун судьялыгына талапкерлигин койгон. Ал бардык сынактардан өткөн, бирок ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жекеме-жеке жолуккандан кийин анын талапкерлигин Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берген.

«Таза Шайлоонун» отчётунда мунун себеби жазылган эмес, ал эми «Коомдук талдоо институту» коомдук бирикмесинин маалыматына ылайык, бул «талапкердин судьялык кызматты аркалоого эрктүүлүк сапаты жетишсиз» деген жүйөө менен болгон.

«Бишкек-Пекин» компаниясында иштөө менен катар Байдаева илимий иштер менен алектенип келген. 2019-жылдан тартып Кыргызстан Эл аралык университетинин дипломатия жана эл аралык укук кафедрасында окутуучу болуп иштеп баштаган.

Ошол эле 2019-жылы «Заманбап Кыргызстанда бардык адамдардын мыйзам жана соттор алдындагы конституциялык тең укуктуулук принцибин ишке ашыруу» темасында кандидаттык диссертациясын коргогон.

«Коомдук анализ институту» коомдук бирикмесинин маалыматына караганда, 2019-жылдын күз мезгилинде Байдаева Биринчи май райондук сотунун судьялыгына конкурстук тандоодон өткөн.