«Ыплас тактиканын курмандыгы болуп жатам». Кытайдын «агенти» делген Жунус уулу үн катты

Адыл Жунус уулу

«Кытайдын агенти» делген Жогорку Кеңештин депутаты Адыл Жунус уулу 8-январда «7-каналда» маек берди. Анда ал президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен байланышы жана өзү тууралуу айтып, аны «агент» деген маалыматты четке какты.

Жунус уулу Кытайда окуп, билим алганын жана анын кайнатасы Кытайдын губернатору болуп турганын тастыктап, Кыргызстанга «ата-бабасынын сөөгү үчүн келгенин» айтты.

Ошондой эле, ал Жапаров менен анын атасы аркылуу таанышып калганын, андан соң экөө чогуу бизнес менен алектенип жүрүшкөнүн билдирди.

«Нуркожо менен менин атам чогуу өсүп, чогуу мектепте окушкан. Андан кийин атам Ысык-Көлгө келгенде Нуркожонун үйүндө туруп калчубуз. Ошондо [Садыр Жапаров менен] таанышканбыз. Экөөбүз доспуз», — деди Жунус уулу.

Ал аны Жапаров менен байланыштырып, каралап жаткандарды «ыплас аракеттерге» барып жатат деп эсептейт. Ошондой эле, ал «Кытайдын кызыкчылыгына иштейт» деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганына токтолду.

«Жапаровго эч нерсе таппай, эми мага байланыштырып каралап жатышат. Садырды Кытайга, Жетим-Тоого жабыштырсак эл бурулат деп ыплас тактика колдонуп жатышат. Ошол тактиканын курмандыгы мен болуп жатам», — деди Жунус уулу.

Буга чейин президенттикке талапкер Канат Исаев КТРКнын теледебаттарынын 2-турунда Садыр Жапаровду «Кытайдын агенти» жандап, аны менен ынак болуп жүргөнүн айткан.

Ал Жунус уулу Кытайда төрөлүп-өсүп, ошол жактан билим алганын жана ушул кезге чейин Кытай менен болгон байланышын үзбөгөнүн билдирген. Андан сырткары Жунус уулу Кыргызстандын жарандыгын алып, депутат болгону менен анын бизнестеринин артында Кытай фирмалары турарын документ менен тастыктап бере аларын кошумчалаган болчу.

«Кытайдын кызыкчылыгын көздөгөн адам, Кытай менен кол үзбөгөн адам, атасынын сөөгү Кытайга коюлган адам менен бүгүн негизги талапкерлердин бири [Садыр Жапаров] “ал менин досум” деп айтып жатат. Ибраимов көчөсү 100 дарегиндеги имаратты “экөөбүз курганбыз” деп жатат», — деген ал.

Бишкектеги Ибраимов 100 дарегинде (Киев көчөсү менен кесилишинде) Жапаровдун штабы жайгашкан. Буга чейин бул имаратта «Бай Таш Групп» курулуш компаниясы ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген. Аталган компаниянын негиздөөчүлөрү катары кытайлык Ван Минжин жана Чжу Чуньбинь көрсөтүлгөн.

Ал эми Жунус уулу маегинде аталган имарат Жапаров экөөнө таандык экенин айтып, ал «бош турбашы үчүн» штаб болгонун билдирди.

«Өзүнүн имараты турса каякка барып отурат? Ошол жакты эптеп актап-сырдап кирип, штаб кылды. Мунун эмнеси жаман?» — деп суроо салды ал.

Адыл Жунус уулу жөнүндө

Жунус уулу парламенттин алтынчы чакырылышына «Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат болуп келген. Ал 1963-жылы Кытай Эл Республикасынын Кулжа шаарында төрөлүп, 1987-жылы Синцзян университетинин география факультетин бүтүргөн.

Депутат эмгек жолун 1993-жылы Бишкектин гуманитардык билим жана тилдер институтунда кытай тилинен сабак берип баштаган. Ал эми 1994-жылы Жунус уулу «Кыргызспорткамсыздандыруу» республикалык башкармалыгында спорттук делегациянын котормочусу болуп иштеген.

Депутаттын расмий биографиясында ал 1995-2015-жылдары ишкер болуп жүргөнү көрсөтүлгөн.

Коомчулукта Жунус уулу 2018-жылы «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясын Кытайга сатууну сунуштаганы менен эсте калган.

Мындан сырткары «Economist» басылмасы Жунус уулу салык декларациясында кен казуучу «Норвест Майнинг Компани» компаниясын жашырганын билдирген.

Эл өкүлү Юстиция министрлигинин базасында «Кроран», дагы бир «Кроран» курулуш компаниясы, «Континентал Майнинг Компани» жана «Голден Сенд Майнинг Компани» ЖЧКларында негиздөөчү катары көрсөтүлгөн.