БШК: Садыр Жапаров 79,22%, президенттик башкаруу формасы 81,09% добуш алды

Материал 10-январда саат кечки 22:30да жаңыртылды

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоочу референдумдун электрондук урналардан алынган жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык:

  • Садыр Жапаров — 79,22%
  • Адахан Мадумаров — 6,70%
  • Бабыржан Төлбаев — 2,35%
  • Мыктыбек Арстанбек — 1,68%
  • Абдил Сегизбаев — 1,46%
  • Имамидин Ташов — 1,19%
  • Клара Сооронкулова — 0,99%
  • Аймен Касенов — 0,91%
  • Улукбек Кочкоров — 0,67%
  • Канатбек Исаев — 0,58%
  • Элдар Абакиров — 0,54%
  • Бактыбек Калмаматов — 0,50%
  • Курсан Асанов — 0,50%
  • Равшан Жээнбеков — 0,19%
  • Каныбек Иманалиев — 0,18%
  • Жеңишбек Байгуттиев — 0,09%
  • Арстанбек Абдылдаев — 0,08%
  • Баарына каршы — 1,34%

Ал эми референдумда шайлоочулардын 81,07%ы президенттик башкаруу формасын тандады. Шайлоочулардын дагы 10,87 пайызы парламенттик башкарууга, ал эми калган 4,4 пайыз шайлоочу «баарына каршы» добуш берди.

Кыргызстанда 10-январда болуп өткөн президенттик шайлоодо 3 563 574 шайлоочунун 1 394 246добуш беришти. Бул шайлоочулардын 39 пайызы.