Ош: Милиционерлер «Клооптун» кабарчысын участоктон күч менен чыгарып салышты

Ош шаарынын Он-Адыр аймагындагы №5558 шайлоо участогунда бир нече милиционер «Клооптун» кабарчысы Сапаргүл Жаныбек кызын күч колдонуп участоктон чыгарып салышты. Ал участоктогу бузулуп калган урнадан улам жаралган кезекти видеого тартып жаткан.

Ош ШИИБинин кызматкерлери кабарчы Жаныбек кызынын телефонун тартып алып, участоктун сыртына чыгаргандан кийин гана телефонун берип, участоктун эшигин милиция капитаны Таалай Иманалиев жаап алган.

«Эмнеге түртүп жатасыз мени? Телефонумду бериңиз. Ал менин жеке мүлкүм. [...] Азыр мени бул милиция кызматкерлери түртүп, сыртка чыгарып койду», — деген тасмада Жаныбек кызы.

Аталган участокко «Клооптун» башка кызматкерлери да барып түз эфир алып барышты. Анда милиция кызматкерлери Жаныбек кызын «журналисттик жилети» болбогону үчүн чыгарып салганын айтышып, «анын сүрөт-видеого тартканга укугу жок» деген жүйөөнү карманышкан.

«Азыр ЖМКларга тартууга тыюу салынган. Ким уруксат берди сизге? [...] Кана төрага? Келип айтсын “мен уруксат бердим эле” деп. “Уруксат бердим” десе милиция деле, эч ким сизге тийбейт», — деген милиция кызматкери.

Ошондой эле дагы бир милиционер «сыртта турсак, ичинде бул кыз ызы-чуу салып жатыптыр» деп айткан. Анткен менен Жанибек кызы ал шайлоо участогунун төрагасы ага чагылдырууга уруксат бергенин айтат.

«Урна жакшы иштебей, адамдар топтолуп баштаган. Анан кызматкерлерге “келиңиздер дистанцияны сакташсын, купуялуулук сакталышы үчүн. Бири-биринин бюллетендерин көрүп жатышат” дегем. Буга маани беришкен жок, “кыргызчылык” деп [...] Андан кийин баары мага атырылып кетти», — деп түшүндүрдү ал.

Аталган аймакта №5321 шайлоо участогунда милиционерлер буга чейин да журналисттердин шайлоо участокторуна кирүүсүнө тоскоолдук кылышкан. Милиционерлер муну добуш берүүнүн купуялуулугу бузулат деп түшүндүргөнү менен журналисттер урнага жакын барган эмес.

Качан гана журналисттер Ош ШИИБине жана БШКнын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов менен байланышка чыгып, тоскоолдуктар тууралуу кабарлагандан кийин гана алар участокко кирүүгө уруксат беришкен.

Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасы тууралуу референдум аяктады.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча жалпысынан 1 228 925 шайлоочу добуш берген — бул жалпы шайлоочулардын 34,49 пайызын түзөт. Эң көп добушту Садыр Жапаров — 79,55%, анын негизги атаандашы Адахан Мадумаров — 6,54%, ал эми Бабыржан Төлбаев — 2,24% добушка ээ болгон.


Ошондой эле референдумдун алдын ала жыйынтыгы боюнча президенттик башкаруу формасы үчүн шайлоочулардын 80,84%ы добуш берди. Аталган маалымат БШКнын сайтында жаңыртылып турат.