Видео: Оштогу №5316 участогуна шайлоочуларды маршрутка менен ташып келишти

Ош шаарындагы «Памир» кафесинде жайгашкан №5316 шайлоо участогунда шайлоочуларды маршрутка менен ташып келишти. Буга «Клооптун» журналисттери күбө болушту.

«Суукта жашоочуларды алып келдим. Өзүмдүн кошуналарымды алып келдим», — деп кыскача жооп берген айдоочу.

Унаадан түшкөн 10дой жашоочунун бири «шайлоого өз эрки менен гана келгенин» айтты.

«Атайын каттам болгон жок. Адамдар өз эрки менен келишти», — деди ал.

Кыргызстанда 10-январда президенттик шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо үчүн референдум өтүүдө. Саат 12:00го карата 330 500 шайлоочу добуш берген — бул жалпы шайлоочулардын 9,28 пайызы.