Токмокто үч адам киши колдуу болду. Шектүүлөр кармалды

Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы 9-январда Токмок шаарында үч адамды өлтүргөн шектүүлөр кармалганын маалымдады. Ал күнү милицияга Токмокто адамды сабап кетишкендиги тууралуу кабар түшкөн.

Билдирүү боюнча барган милиция кызматкерлери окуя болгон үйдөн ар кандай жаракат алган үч адамды тапкан. Алардын бирөөсү жеринде, ал эми экөөсү ооруканада көз жумган. Бул иш боюнча материалдар КЖБРге «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталды.

Тергөө каза тапкан эки адам ким экенин тактап, алар 33 жаштагы үйдүн кожоюну жана 40 жаштардагы киши болуп чыккан. Каза тапкан үчүнчү адам боюнча маалыматтар такталып жатат.

Ошол эле күнү милиция үч адамдын өлүмүнө шектүү 37 жана 32 жаштагы эки адамды кармаган. Кармалгандар окуядан кийин Кемин районунда жашырынып жүргөнү кабарланууда.

«Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, мас абалындагы адамдардын урушунан улам кылмыш жасалган. Ичимдик ичкендердин экөө каза тапкан үч адамды ур-токмокко алып, андан соң белгисиз тарапка из жашырышкан», — деп билдиришти Чүй ОИИБинен.

Кармалгандар Токмок ИИБинин УКИсине (Убактылуу кармоо изолятору) жеткирилип, сотко чейинки өндүрүш уланууда.