«Ыйгарым жок болчу». Жапаров эмне үчүн Бакиевдин убагында коррупция менен күрөшпөгөнү тууралуу

Болуп өткөн президенттик шайлоодо чоң ажырым менен талапкер Садыр Жапаров алдыга чыкты — ал мурдагы депутат, бозгун президент Курманбек Бакиевдин кеңешчиси жана Бакиевдин башкаруусундагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комиссар.

Садыр Жапаровдун Бакиевдин убагында Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттикте иштегени каршылаштарынын анын дарегине айткан негизги сыны болгон. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары жарыялангандан кийин Жапаров эмне үчүн Бакиевдин убагында коррупция менен күрөшө албаганын айтып берди.

«Аты ошондой болгону менен бизде эч кандай ыйгарым жок болчу: ыкчам кызматыбыз жок болчу, тергөө кызматыбыз жок болчу. Жөн гана компьютерде мониторинг жасап отурган агенттик болчу. Анан кантип коррупция менен кантип күрөшөт элек ошол убакта? Өкмөттүн мүчөсү дагы болгон эмесмин. Мыйзамга ылайык, министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнө макулдашууга документтер келет, бирок ал жакта андай келген эмес. Маалымат дагы жок болчу», — деди ал.

Мурдараак УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаев Жапаровду Максим Бакиевдин иштери менен байланыштырган. Мисалы, Сегизбаев Максим Бакиев Жетим-Тоо менен Кумтөр кендерин 2009-жылы сатып жибергенин айтып берип, Жапаров Максим Бакиевдин акчалардын изин жашырууга байланышкан кылмыштарына байланышы бар деп олутту айыптарды койгон.

Жапаров каршылаш талапкерлердин арасында коррупция үчүн жоопкерчиликке тартуу керек адамдар бар деп билдирди. Жапаров алар «эки айга создуруп, мындан кутулуп кетүү» үчүн президенттиккке талапкердин мандатын алышты деп айтты.

Ошондой эле Жапаров коррупция боюнча күнөөлүү адамдардын бардыгы ага жакын болгонуна карабастан жоопкерчиликке тартылат деп убада кылды. Мурдараак УКМК өздөрүн Жапаровдун тарапташтарыбыз деп атап жүргөн Мелис Аспеков менен Улан Жураевди кармаган. Алар «Кыргыз темир жолунун» жетекчилигинен 250 миң доллар опузалаган деп шектелишүүдө. Аспеков «Мекенчилдин» мүчөсү катары дагы белгилүү, Жапаровдун Чүй облустук штабын жетектеп жүргөнүн дагы айткан, бирок Жапаров өзү жана «Мекенчи» партиясы да Аспековдун аларга тиешеси жоктугун билдиришкен.