Депутат Кытайга аткезчилик менен алтын ташылып жатканын айтты. Бажыдагылар четке какты

«Эркечтам» чек ара бекети аркылуу контрабандалык жүк – 17 фура алтын концентратын алып өтүүгө аракет кылышууда. Мындай билдирүүнү парламенттин 13-январдагы жыйынында депутат Аккулу Бердиев айтып чыккан. Бердиев укук коргоо органдарынан тез арада чара көрүүнү талап кылган. Бажы кызматы товар өз ордунда эле турат деп билдирген.

Бердиевдин маалыматында бул жүк буга чейин финпол тарабынан кармалып, иш козголгон, бирок соттун чечими чыга элек.

«Бир нече унаа өтүп кетти деп айтышууда. Документтери болсо жасалма, лицензиясын боёк менен оңдоп коюшкан. [...]. Тез арада аларды токтотуу керек», – деп талап кылган депутат.

Бердиев сөз болгон алтын Чоң-Алай районундагы алтын кенинен казылып алынганын айткан. Анын айтымында, ар бир фурага 4 тоннадан чийки зат жүктөлгөн.

«Бул система дагы деле уланып жатат. Өкмөткө дагы, элге дагы эч кандай пайдасы жок. Зыяны гана тийип жатат, анткени аткезчилик жол менен чыгарып кетишүүдө», – деген ал.

Депутат бул тууралуу Бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеевге кабарлаганын кошумчалаган.

Бажы кызматы эмне дейт?

Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мүсүрканов жүк «Эркечтамда» турганын «Клооптун» журналистине билдирген.

«Кытайга кирген жок. Жүк ташуучу унаага жүктөлгөн эмес, контейнерлер бажы көзөмөлүндө турат. Азыркы тапта сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат, бүткөндөн кийин чечим кабыл алынат [жүктүн тагдыры чечилет]», – деген басма сөз катчы.

Мүсүрканов депутат Бердиевдин бир-эки унаа Кытай тарапка өтүп кетти деген сөздөрүн дагы четке какты.

«Клооп», «Азаттык» OCCRP жана Bellingcat 2019-жылдын ноябрь айында бажы кызматындагы ири коррупциялык схема тууралуу алгачкы иликтөөсүн чыгарышкан. Анда Кыргызстандан мыйзамсыз жол менен 700 млн доллар чыгарылып кеткени тууралуу сөз болгон.

Иликтөөнүн башкы фигуранты бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов болгон. Ал УКМК тарабынан 2020-жылдын 20-октябрында кармалып, бирок мамлекеттик бюджетке 2 млрд сом төлөп, жазадан кутулуп кеткен.