ИИМ медбашкармалыгынын башчысы коррупция боюнча күнөөсүн мойнуна алып, үй камагына коё берилди

Бишкектин Биринчи май райсотунун өкүлү ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Жакыпов үй камагына коё берилгенин «Клооптун» журналистине билдирди.

Соттун маалыматы боюнча, Жакыпов күнөөсүн мойнуна алган. Учурда анын иши Биринчи май райсотунда каралып жатат, биринчи сот отуруму 19-январга, саат 16:00гө белгиленген.

Ошондой эле, Kaktus. Media басылмасы өздүк булагына таянып, Жакыпов тергөө менен кызматташууга макулдугун бергенден кийин үй камагына коё берилгенин жазган. Бирок соттон бул маалыматты тастыкташкан эмес, алар «кызматташуу тууралуу бекитилген келишим жок» деп кабарлашкан.

Жакыпов 2020-жылдын ноябрь айында УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Ошондо Улуттук коопсуздук кызматы Жакыпов ИИБ жана Путрулдук милиция кызматына ишке орношууга талапкер жарандардан пара алууга шектелип кармалганын кабарлаган эле.

Иштин материалдары «Пара алуу» беренеси боюнча КЖБРге катталып, ал эми Жакыпов УКМКнын тергөө абагына киргизилген.